Бишкектин шрифттери: Алар кандай жана эмнеге аларды өзгөртүү керек?

Типографика, балким, дизайндын эң татаал тарабы болсо керек. Чет өлкөлүк кесиптештер айткандай, easy to learn, hard to master. Жакшы шрифтти жамандан айырмалоону, мисалы мен былтыр гана үйрөндүм. А бул болсо мен дизайн менен алектенип жүргөн 14-жылым. Өз кесибимдин күчү менен биз жашап жаткан шаардагы дизайн менен типографикага көңүл буруп көрөйүн.

Бүгүн мен шаарыбыздагы шрифттер боюнча байкоо жүргүзүп көрүүгө аракеттендим.

Дисклеймер: бардык шрифттерди даана таанып билдим деп айта албайм. Шрифттер боюнча айткандарым жеке пикирим жана чындык үчүн ат салышпайт. Жана, албетте, менин анализимди өтө олуттуу кабыл алууга кажет жок.

Демек, шрифттер. Шаарыбыздын көрнөк-жарнактарында мен эң көп кездешкен төрт шрифтти көрө алдым, калгандарын болсо «башкалардын» ичине бириктирип койдум.

#5 AdverGothic

Популярдуулугу боюнча бешинчи орунда бизде АдверГотик. Бул шрифт орусялык ПараТайп компаниясыныкы. Аны 1917-жылдагы Advertisers Gothicтин негизинде 1989-жылы иштеп чыгышкан. Шрифттин сүрөттөлүшүндө бул бир гана жарнактар үчүн жасалганы айтылат (аталышынан белгилүү болуп тургандай эле), бирок жеке мен бул шрифтти колдонууга болгон бир да абалды элестете албай жатам.

#4 Cooper

Төртүнчү орунда 89-жылдагы Купер турат. Тоголок сыяктуу, демек шайыр жана жеңил, оймок сыяктуу, демек олуттуу. Менин көз карашым боюнча, бул шрифтти колдонуу — өздөрүн жарнамалагандардын өздөрүнө болгон ишеничинин аздыгын көрсөтөт. Биз олуттуубузбу, же олуттуу деле эмеспизби? Эми, биз аны азырынча билбейбиз…

#3

Үчүнчү орунда бул бөлүккө өз алдынча кире албай калган бардык шрифттер. Менин оюмча, бул сонун. Демек, бул ар түрдүүлүк боюнча бизде абал өтө деле жаман эмес дегендикти билдирет. Булар — стандарттык жана кол жазма сыяктуу шрифттер.

#2 Impact

Популярдуулугу боюнча экинчи орунда Импакт жана ага окшош шрифттер турат. Жоон, демек дээрлик көлөмдүү, бирок кууш, демек бир катарга көп сөздү батырууга болот. Де- жана жөнөкөй эле мотиваторлордун падышасы. Эң капалантканы — бул шрифт менен бир мекеме же имаратта эмне болуп жатканын терип жазып коюшат. Бирок бул мындай нерселер үчүн эч туура келбейт. Бул Луркта бир макаланы көрсөтмөлүү кылып сунуштайт. Анда текст Impact менен терилген, ал окуганга дээрлик мүмкүн эмес.

#1 Arial

Афиша жана көрнөктөр үчүн эң популярдуу шрифт, алдын ала күтүлгөндөй эле, Ариал болуп чыкты. Бул Эпплдын Гельветикасына карап Майкрософттун кытай тараптан жасап чыгарганы. Миңдеген дарыканалар, унаа жуугучтар, дүкөндөр ушул шрифт менен жазылган.

Бул шрифт өзү да биздин компьютерлерибизде баштапкы шрифт катары орнотулган. Оймоктодун жоктугу бул мекеменин заманбап экенинин белгиси болушу керек эле. Бирок бул андай эмес. Бул дизайнерлердин жана кардарлардын элестетүү күчүнүн нөл экенин билдирет. Бул шрифт үчүн «чөл» сөзүн чөлдүн фонунда терүү идеалдуу.

Шрифттерди колдонуунун пайыздык катышы.

Мунун баары типографиканын канчалык татаал экенин көрсөтөт. Кайсы шрифт ошол жердин духун чагылдырып бере алаарын билүү — кыйын. Үйүр таасиринен баш тартуу кыйын («баары колдонот, мен да пайдалана берем»). Бул шрифттердин баарысы моралдык жактан эскирген.

Бул макала чыгарган корутунду жөнөкөй: эч качан, эч кайсы жагдайда бул шрифттерди колдонбогула. Эгер дизайнериңиз өз ишинде буларды колдонсо, макул болбоңуз. Эгерде мылтыктын оозун такап, буларды кабыл ал десе, жылмайып коюңуз. Анткени, азыр сиз жашооңуздун баарын бир канча мүнөттө батырган шайыр фильмге күбө болосуз.

Материал «Молоко 2» медиамарафонунун алкагында даярдалды. Автору Nurbek Nas.