«Манас» аба майданындагылар бомба тууралуу билдирүүдөн улам эвакуацияланды

Коомдук тармактардын колдонуучулары «Манас» аба майданында жүргөн адамдарды милиция эвакуациялап жатканын кабарлашты — ал бомба тууралуу билдирүү менен байланыштуу.

Максат Кадыр жарандар аба майданынан чыгарылып жаткан сүрөттү жарыялады — анын айтымында, милиция эч нерсе түшүндүрбөй жатат, бирок келгендер имаратка жакындабашын суранууда.

«Баарынан кызыгы, милиция кызматкерлери эч нерсе айтышкан жок, бирок баарын нары эле кубалап жатышат», — деп жазды ал.

Kloop.kgнин «Манастагы» булагы эвакуация 16:30да башталганын жана бомба тууралуу кабар менен байланыштуу экенин айтты — аба майданынын кызматкерлеринин айтымында, «баары жайында».

«Кызматкерлерди жана жүргүнчүлөрдү алып чыгып кетишти, баары коопсуздукта. Бомбаны издеп атышат», — деди окуяны көргөн киши.

УКМКнын басма сөз кызматы ИИМдин күзөт бөлүгүнө 16:15те учактагы жардыруучу түзмөк тууралуу белгисиз бирөөлөр телефон чалышканын кабарлады.

«Азыркы тапта жардыруучу түзмөктөр табылган жок. Зарыл болгон ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бомба тууралуу билдирүү Бишкекте 3-ноябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылар жыйынына саналуу күндөр калганда келип түштү.