Милиция «14 жаштагы кызды зордуктоо» боюнча ишти токтотту

Жабыр тарткан кыз жана анын туугандары ыктымал зордукчуларга карата дооматынан баш тартып, иш токтотулду, деп билдирди Ош облустук ИИБи.

Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Жеңишбек Ашырбаев Kloop.kgге айтканына караганда, башында иш социалдык коргоо кызматкерлеринин арызы боюнча козголгон — алар 14 жаштагы кызды бирөөлөр топтошуп алып зордуктап, кыз зордукчулардын биринен бала төрөгөнүн кабарлашкан эле.

Анын айтымында, милиция жашы жете элек кызды зордуктоо жана бузуу факты боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок жабыр тарткан тарап арызын кайтарып алып, иш токтотулган.

«Биз кылмыш ишин козгодук, Орусиядан шектүүлөрдү алып келдик, биз ишти райондук сотко жибергенде, ал эмнегедир аларды жоопкерчиликтен куткарып жиберди. […] Милиция баарын мыйзамдын талабына ылайык жасады», — деди ал.

Ашырбаев ал кыз төрөгөндөн кийин ыктымал зордукчулардын бирине турмушка чыкканын, аларга нике кыйылып, бирок ЗАГСта нике катталбаганын кошумчалады. Азыр баланы 14 жаштагы кыздын туугандары тарбиялап жатышат, ал эми кыз өзү башка айылга көчүп кеткен.

«Ал аны эч ким зордуктабаганын, ал жигит менен бир жылдан ашык жүргөнүн жазып утурлама арыз менен кайрылды. […] Ал өзүнө карата эч ким эч кандай мыйзамсыз аракет кылбаганын, чогуу нике тойго барып, ошол жактан таанышканын айтты», — деди ал.

ИИБнин басма сөз кызматынын башчысынын айтымында, өлкөдө жашы жете электер күйөөгө берилген учурлар көп.

«Кыздарын 16 же 17 жашында күйөөгө берген ата-энелер көп, ал берене боюнча да иш козгойбуз. Элдик дипломатия, элдин кулк-мүнөзү бул иштерди аягына чыгарууга бизге жол бербейт», — деди ал.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев жашы жете элек кызды жолдон чыгаруу боюнча берене боюнча иш жабыркагандар өз дооматынан баш тартканы үчүн токтотулбашы керек экенин айтты.

«Бул берене боюнча иштер утурлама арыз боюнча токтотулбайт, анткени бул айкын кылмыштар болуп эсептелет», — деди ал.