КСДП «Кыргызстан» жана «Бир Бол» менен коалиция түздү

Социал-демократтар «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары менен коалиция түздү — жалпысынан бирикмеде 68 депутат болот. Мурдагы бирикме Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр боюнча талаштардан улам тарап кеткен.

Коалициянын түзүлгөнү тууралуу социал-демократтардын башчысы Иса Өмүркулов парламенттин отурумунда жарыялады. Ал Kloop.kgге бирикме эч кандай аталбай тургандыгын, анткени «баары бир эч ким эстеп калбай тургандыгын» айтты. Анын сөзүнө караганда, коалициянын ишинде башкысы — «ынтымагы жана маңызы».

Өмүркулов «Кыргызстан» менен «Бир Болдогу» айрым депутаттар — Канат Исаев жана Чолпон Жакупова — Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгып жатышканын мүшкүл деп эсептебейт.

Анын айтымында, коалицияга кирүү тууралуу чечим «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракцияларында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган, ал эми оппозициялык маанайдагы саясатчылар бүтүндөй фракциянын чечимине таасир тийгизе алышпайт.

«Алар [Конституцияга түзөтүү киргизүүгө каршы чыккан депутаттар] менен бизде дайыма пикир келишпестик болоору түшүнүктүү. Бирок алар бардык фракциянын саясатына таасир эте алышпайт. Фракциянын [мүчөлөрүнүн] көпчүлүгү конституциялык саясатты колдошот», — деди Өмүркулов.

Анын айтымында, коалициянын иши социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүгө, мамлекеттүүлүктү жана демократиялык институттарды бекемдөөгө, туруктуулукка, маданиятка, искусствого жана 2017-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга багытталат.

«Биз бир багытта, үндөш иштейбиз», — деди ал.

Өмүркулов өкмөттүн курамы «түп тамырынан бери өзгөрбөй турганын» айтты — парламент министрлердин үчтөн бирин «алмаштыраары бышык».

Чолпон Жакупова «Фэйсбукка» КСДП менен бирикмеге кирүү жөнүндө фракциянын чечими менен макул болбой, коалициядан чыгып кеткенин жазды. Ал оппозицияда кала берет.

«Фракция көпчүлүк добуш менен макул болду, мен каршы болуп коалицияга кирбей койдум, [Мыктыбек] Абдылдаев арабөк калды», — деп жазды ал.

КСДПдан, «Кыргызстандан», «Ата Мекенден» жана «Өнүгүү-Прогресстен» турган мурдагы коалиция Конституцияны өзгөртүү боюнча карама-каршылыктан улам тарап кеткен. Түзөтүүлөргө негизинен «Ата Мекендин» депутаттары жана «Өнүгүү-Прогресстин» башчысы Бакыт Төрөбаев каршы чыгышкан.

Тема боюнча: Конституцияга киргизиле турган түзөтүүүлөр боюнча маалымдама