Кыргызстан менен Украинанын ТИМинин башчылары «Порошенконун ыктымал тамашаланышы» боюнча маселени жөнгө салышты

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин өзүнүн кыргыз кесиптеши Эрлан Абдылдаевге чалып, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Украинанын президенти Пётр Порошенконун «телефондо сүйлөшүүсү» боюнча маселени талкуулашты.

Кыргызстандын ТИМинин басма сөз борбору кабарлагандай, 3-ноябрда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин телефондук сүйлөшүүсү болгон.

ТИМдин маалыматы боюнча, сүйлөшүү Павел Климкиндин демилгеси менен болуп, алар «жакында болгон эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү боюнча жалган маалыматты» талкуулашкан.

«Болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча ишти улантууну макулдашышты. Ушул жол менен маселе жөнгө салынды», — делет билдирүүдө.

Украинанын ТИМинин башчысы Павел Климкин окуяны «провокация» деп атаган.

«Кыргыз кесиптешим менен сүйлөштүм. Кимдир бирөө БУУга биздин Крым боюнча резолюциябызды токтоткусу келип жаткандай. Бул провокацияны териштирүү боюнча макулдаштык», — деп жазган ал өз «Твиттеринде».

Украина ТИМинин басма сөз катчысы Марьяна Бецанын айтымында, Кыргызстандын президенти менен сүйлөшүү пландалып, бирок «ишке ашпай калган».

«Украинанын президентинин Орусия тарабынан оккупацияланган Крымда адам укуктарынын бузулушу боюнча БУУга даярдап жаткан резолюциясы тууралуу бир канча телефондук сүйлөшүүсү, анын ичинде Кыргызстандын президенти менен да каралган болчу», — деген ал.

Украинанын президенти Порошенконун Кыргызстандын президенти Атамбаев менен сүйлөшүүсү боюнча жаңылык украин президентинин расмий сайтында жарыяланган.

14959060_1333062540061962_1686229560_o

«Петр Порошенко жана Алмазбек Атамбаев Орусия украин товарларынын транзитине чектөө койгондуктан украин өндүрүмүн Кыргызстанга жеткирүүгө байланышкан маселелерди чечүүнүн жолдорун, ошондой эле жүк ташуунун башка багыттарын талкуулашты», — деп айтылат Украина президентинин сайтында.

Кыргызстан президентинин аппараты Атамбаев менен Порошенконун телефондук сүйлөшүүсү тууралуу маалыматты четке какты. Президенттин аппарат башчысынын орун басары Сапар Исаков Порошенкону кимдир-бирөөлөр тамаша кылган деп божомолдоду.

Украиналык басылма Strana.ua буга чейин украин президентин шакаба чегип келген екатеринбургдук пранкер Лексус Порошенкону тамаша кылган болуш керек деп божомолдоду.

Порошенкого телефон чалып кыргыз президентинин ролун ойногонун пранкер өзү четке каккан.

Украина жана кыргыз ЖМКсында Порошенкону тамашага салганы боюнча жаңылыктар тарагандан кийин Украина президентинин сайтынан Кыргызстандын президенти менен болгон сүйлөшүүсү жөнүндөгү билдирүү алынып салынган.