Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишти

Республикалык партиянын талапкери Дональд Трамп Демократиялык партиядагы Хиллари Клинтонго каршы айыгышкан күрөштүн натыйжасында АКШнын жаңы президенти болуп шайланды. 

Дональд Трамп 276218 Хиллари Клинтон

(270 жана андан жогору алган жеңет)

map_45-out-of-50

Бул саатка карата эң негизгилери:

  • Дональд Трамп АКШнын 45-президенти болуп шайланды.
  • Анын жеңиши арабөк деп эсептелген Флорида, Түндүк Каролина, Пенсильвания жана Огайо штаттарында ал утуп чыкканы маалыма болгондон кийин даана көрүнүп калды.
  • Добуштарды эсептөө Трамптын жеңишин көрсөткөн акыркы штат Висконсин болду.
  • Трамптын президент болуп калышынан чочулап турган америкалык демократтар (а балким кайсы бир республикачылар) өтө жигердүүлүк менен Канадага көчүп кетүү боюнча маалымат издештирип жатышкандыктан, Канаданын иммиграциялык кызматынын сайты бузулуп калды.

Добуштар биротоло саналып бүткүчө эле Трамп шайлагычтардын керектүү 270 добушуна ээ болду. Ага арсар штаттар болуп эсептелген Флоридадагы, Түндүк Каролинадагы, Огайодогу жана Пенсильваниядагы жеңиштери жардам берди.

Арсар штаттар деп кайсы талапкер жеңээри белгисиз штаттарды айтышат. Мисалы, дароо 29 добуш берген Флоридада шайлоочулар үчүн айыгышкан күрөш жүрдү.

Трамптын жеңишин анын Демократиялык партиядагы атаандашы Хиллари Клинтон моюнга алды — бул тууралуу түз эфирде CNN кабарлап, андан кийин Трамп да өз тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып айтты.

Трамптын өз жеңишинен кийинки сөзү өлкөнүн ичинде биригүүгө жана ынтымакка үндөгөн чакырыктарды жана башка өлкөлөр менен кызматташуу зарылдыгы тууралуу сөздөрдү камтыды.

«Мен дүйнөлүк коомчулукка биз Американын кызыкчылыгын баарынан жогору коерубузду, бирок баарына калыс болоорубузду айткым келет. Бардык адамдарга жана элдерге. Биз кастык эмес, компромисс издейбиз. Чатак эмес, өнөктөштүк издейбиз», — деди ал.

Трамптын жеңиши жарыяланаары менен Орусиянын президенти Владимир Путин ага куттуктоо катын жиберип, анда «орус-америка мамилелерин кризистен чыгаруу боюнча чогуу иштешүүгө үмүттөнгөнүн» билдирди.

«Орусиянын президенти ошондой эле Москва менен Вашингтондун ортосунда тең укуктуулук, өз ара урматташуу жана бири биринин позициясын реалдуу эске алуу принциптерине негизделген иштиктүү диалог түзүү биздин өлкөлөрдүн жана дүйнөлүк коомчулуктун кызыкчылыгына туура келээрине ишенээрин билдирди», — деп кабарлады Путиндин басма сөз кызматы.

Бирок өлкөнүн ичинде шайлоонун жыйынтыктарын баары эле тааныган жок — Калифорния штатындагы Оклендде Трампка каршы нааразылык башталды. Демонстранттар автоунааларды өрттөп, Трамп алардын президенти эмес экендиги тууралуу ураандарды кыйкырып жатышты.

«Белгисиз» Америка

Трамптын жеңиши Клинтон утат деп божомолдогон көп талдоочулар үчүн күтүүсүз болду.

«Нью-Йорк Таймс» басылмасы добуштар санала баштаганда демократтардын талапкеринин жеңишин 80 пайыздык ишеним менен болжоп жаткан, бирок үч сааттан кийин өз божомолун Трамптын пайдасына өзгөрттү.

Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Пол Кругман «Нью-Йорк Таймска» Трамптын — апенди чалыштыгы жана орой жүрүш-турушу менен таанымал болгон миллиардердин —жеңишке жетишине «белгисиз Америка» кантип жардам бергени жөнүндө кыскача колонка жазды.

«Биз америкалыктардын басымдуу көпчүлүгү демократиялык баалуулуктарды жана мыйзам үстөмдүгүн баалайт деп ойлоп келгенбиз. Биздики туура эмес болуп чыкты. Өтө көп кишилер - негизинен айыл жеринде жашаган ак түстөгү адамдар - Америка тууралуу биздин түшүнүгүбүзгө макул эмес болуп чыкты», - деп жазды ал.

Хроника: