Мамлекеттик материалдык резерв фонду «бузулган» ун саткан

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик материалдык резерв фонду Бишкектин мамлекеттик мекемелерине жана азык-түлүк базарларына «бузулган» ун сатканын моюнга алды.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдун айтымында, Мамлекеттик материалдык резерв фонду «бузулган ун» жеткирип турган. Бул тууралуу ал парламенттин 9-ноябрдагы жыйынында билдирди.

«Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан бузулган ун жеткирилген факт чындыгында ырасталды, анын жетекчилигине карата биз сөзсүз чара көрөбүз», — деген Жээнбековдун сөзүн «КирТаг» маалымат агенттиги келтирет.

Сентябрда парламенттеги «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов бузулган ундун сатылышы токтотулганын айтып чыккан. Ал кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамматрезерв фонду курт түшүп бузулган ун сатып жүргөнүн бир нече жолу жарыялаган.

Турускуловдун айтымында, ал бузулган ун маселесин парламентте 22-сентябрда эле көтөргөн, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес. Андан кийин Турускулов өзү иликтөө жүргүзмөкчү болгон.

4-сентябрда өткөн басма сөз жыйынында ал журналисттерге № 5 кесиптик-техникалык окуу жайында тартылган видеону көрсөткөн. Видеодо лицейдин кызматкерлери каптарды ачып, унду элеп көрүшкөндө электе курттар жана өсүмдүк мителери жүргөн.

Депутат бузулган ун Мамматрезерв фондунун алдындагы лабораториядан сапаттык экспертизадан өткөн деп далилдеген. Ал мындай окуядан кийин өндүрүмдүн баары санитардык-эпидемиологиялык станциянын лабораторияларында текшерилиши керек экенин айткан.

Бул дооматтарга жооп катары Мамматрезерв фондунун төрагасы Жоомартбек Жумабеков өндүрүмдүн баары Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык лабораториядан химиялык анализден өтүп, Айыл чарба министрлигинин алдындагы Дан экспертизалоо борборунда квартал сайын сертификацияланып тураарын билдирген.

Анын айтымында, Турускулов жарыкка чыгарган видео тартылган учурдагы текшерүү атайын жасалышы мүмкүн болчу.

Турускулов тарткан видео жарыкка чыккан соң складдардагы ун экспертизанын жыйынтыгы алынганга чейин катылып, мөөр басылган.

Өкмөт Мамматрезерв фонду саткан ундун сапатын текшере турган атайын комиссия түзгөн.