КСДПнын жетекчиси: Кыргызстанда оппозиция үчүн «бейиштегидей шарт» түзүлгөн

Президентти колдогон КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов сөз эркиндигинин шарапаты менен Кыргызстанда оппозиция үчүн «бейиштегидей шарт» түзүлгөнүн айтты. Оппозициячылар бул пикирге макул эмес — алар абал Бакиевдин тушундагыдай эле оор деп эсептешет.

11-ноябрда Өмүркулов сөз эркиндигинин шарапаты менен өлкөдө оппозициячылар үчүн «бейиштегидей шарт» түзүлгөнүн айтты.

Өмүркуловдун сөзү боюнча, ал мурдагы президенттердин тушунда иштеген жана өз тажрыйбасынан улам азыркы бийликтин оппозицияга карата мамилеси тууралуу ой жүгүртө алат.

«Мен салыштырсам болот. Бизге парламенттен сүйлөгөнгө тыюу салган катаал убактар болгон. Жөн эле өлтүрүп, сабап кетишчү. Ал тургай менин позициям үчүн менин үйүмдү жардырып кетишкен. Азыр болсо оппозиция үчүн кадимки эле бейиш. Толук эркиндик бар», — деди ал.

Өмүркулов сөз эркиндиги гүлдөп өнүккөндүктөн Кыргызстанда оппозиция күч алды деп эсептейт.

«Бүгүн үч фракция оппозицияда калды, менимче ал күч алат. Бул жакшы. Эми бардык маселелер ачык талкууланат. Сын пикирлердин көпчүлүгү аткаруу бийлигине багытталат болуш керек. Бул демократия үчүн пайдалуу», — деди ал.

Оппозицияга басым күчөдү

«Ата-Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев Kloop.kg менен болгон маекте акыркы кезде оппозицияга каршы куугунтук «Бакиевдин учурундагыдан катуураак» болуп калды деген пикирин айтты.

«Мен ага [Өмүркуловго] оппозициянын абалын жон териси менен сезип, ошол бейишти өз башынан өткөрүүнү сунуш кылат элем. Бирок ал бейиште оппозициянын бир катар өкүлдөрү эчак эле УКМКын ТИЗОсунда ойдон чыгарылган нерселер үчүн айыпталып отурат. Калгандарына мамлекеттик ЖМКлар, такай коркутуу, кыйноо жана айыптоо аркылуу кысым көрсөтүлүп жатат. Бул арсеналдын баары Бакиевдин тушунда колдонулган», — деди ал.

Оппозициячы Адил Турдукулов Өмүркуловдун айткан сөзүн «шылдың» катары баалады. Анын айтымында, оппозициянын негизги башчылары өлкөдөн чыгып кетишкен, УКМКнын имаратында көптөгөн саясий туткундар ар кандай ойдон чыгарылган нерселер үчүн айыпталып отурушат.

«Бул оппозицияга канчалык оорчулук келип жаткандыгынын көрсөткүчү. Бул бийлик бизди да камап салышы мүмкүн экендигин так көрсөткөн ишарат. Такай тыңшоо, митингдерди кууп таратуу, "Фейсбуктагы" жазгандарыбыз үчүн органдарга чакырып жатышканы», — деди ал.

Турдукулов башкача көз караш бийликтин назарын буруп, ал ага жүйө менен эмес, күч менен каршы турууга аракет кылып жатканын айтты.

«Өлкөдө Бакиевдин убагындагыдай, балким андан да жаман кысым бар. Бизде абал бейиштегидей деп айтуу — кадимкидей эле шылдың. Өмүркулов өзү деле оппозицияда болду эле, азыр мындай сөздөрү үчүн уялышы керек. Бул анткор сөздөр — оппозициянын бетине түкүрүү менен барабар», — деди ал.

Оппозициячы Мавлян Аскарбеков Өмүркуловдун айтканына макул болгон жок. Анын айтымында, өлкөдө оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткан ондогон саясий туткундар бар.

«Биз оппозициячы катары дайыма куугунтукта [жүрөбүз], биздин сүйлөшкөнүбүздү аңдышат, бизге ар кандай кысым көрсөтүшөт. […] Бизге өлкөнүн сыналгысында жана үналгысында чыгып сүйлөгөнгө тыюу салышты. Биздин үнүбүз жана пикирибиз бүгүн элге жетпей жатат. Мындай кырдаалда оппозиция үчүн бейиштегидей шарт түзүлгөн деп айтуу — терең жаңылыштык», — деди ал.