Facebook коомдук тармагы Марк Цукербергди «өлтүрүп салды»

Facebook жүздөгөн колдонуучуларынын, анын ичинде сайттын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин да өлүмү тууралуу кабарлап салды. Ал үчүн коомдук тармак өз колдонуучуларынан кечирим сурады. Эстелик такталарынын пайда болушуна белгисиз мүчүлүштүк себеп болгон.

«Фэйсбуктун» колдоо кызматына 11-ноябрда өздөрүнүн барагынын жогору жагында өлүмү тууралуу эстелик тактасы пайда болгонуна нааразы болгон колдонуучулар кайрылышкан.

Кийинчерээк адамдардын өлүмү тууралуу кабарлаган сайттагы мүчүлүштүк оңдолуп, ал үчүн коомдук тармактын жетекчилиги кечирим сураган. Эгер «өлгөн» колдонуучулар бул кабарды шылдыңдуу кабыл алышса, жакындарынын барактарынан эстелик тактасын көргөн көпчүлүк адамдар катуу чочулашкан.

The New York Timesтын журналисти Кэти Рожерс «өзүнүн өлүмүнө» колонка арнаган. Айтымында, эстелик тактасына анын биринчи реакциясы кыжырдануу жараткан.

«Ооба, иш аптасы өтө оор болду, бирок мен тирүү эле болгом», — деп жазган ал өз «Твиттеринде».

«Фэйсбуктагы» өлүм «Твиттердеги» тамашаларга шылтоо болду.

«Facebook: Ооба, силер өлгөнсүңөр. Ооба, бул тозок».

«Facebook мени өлтүргөн жок. Эми анын мага эмнени пландап койгону коркунучтуу болуп турат».

«Facebook мени жаңы эле башкалар менен катар өлүк деп жарыялады».

Facebookтагы эстелик тактасы 2015-жылы пайда болгон. Колдонуучу өлүмүнөн кийин өз барагын башкаруу укугун берүү үчүн алдын ала досун, же үй-бүлө мүчөсүн тандап койсо болот.

Тагыраак айтканда, «мураскер» каза болгон колдонуучунун сүрөттөрүнүн архивин жана өз барагында бөлүшкөн маалыматтарды жүктөп алса болот, бирок анын жеке каттарына кире албайт. Андан сырткары колдонуучу өз өлүмүнөн кийин бардык маалыматтарды кайра калыбына келтире албагандай кылып өчүрүп салууну да тандай алат.