Усэйн Болт футболдук карьерасын баштоону пландап жатат

Ямайкалык спринтер профессионалдык түрдө футболдук карьера менен алектене турганын жана жакын арада дортмунддук «Боруссия» менен машыгууларды баштаарын билдирди.

The Guardianдын журналисти Усэйнден келечекке койгон пландары жөнүндө сураганда, спортсмен футбол жаатында өзүн сынап көрүүнү каалаганын айткан. Усэйндин айтымында, жакын арада дортмунддук футбол командасы менен машыгуу үчүн Германияга барат.

«Биз "Боруссия" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эмне болоорун көрө жатарбыз», — деп билдиген спортсмен.

Болт — англиялык «Манчестер Юнайтед» клубунун белгилүү күйөрманы. Британ басылмасына курган маегинде ал кошумчалагандай, «кызыл шайтандар» үчүн ойноо ал үчүн чыныгы кыялдарынын орундалышы болуп калмак.

«Эгер мен "Манчестер Юнайтед" үчүн ойной алганымда, менин кыялым орундалган болор эле», — деген  ямайкалык спринтер.

Усэйн Болт — олимпиаданын тогуз жолку жана дүйнөнүн 11 жолку чемпиону. Ямайкалык жеңил атлет — 100 метр (9,58 секунд) жана 200 метр (19,19 секунд) аралыкка чуркоо боюнча дүйнөнүн учурдагы рекордчусу.

Ал «планетадагы эң ылдам адам» катары белгилүү, балким «эң ылдам футболчу» Криштиану Роналдуну да артта калтырат беле.

Буга чейин Усэйн 2017-жылдагы дүйнө чемпионатынан кийин спринтер карьерасын токтотууну пландап жатканын айтып келген.

Сүрөт: The Voice Online