Жеки Чанга «Оскар» сыйлыгы ыйгарылды

Белгилүү актёр жана режиссёр Жеки Чан кинематографияга кошкон салымы үчүн «Оскар» киносыйлыгына татыды. Сыйлык тапшыруу аземи 12-ноябрда Лос-Анжелесте өттү.

Жеки Чанга киноискусствосуна кошкон салымы үчүн «Оскар» сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу Америка киноакадемиясы өзүнүн «Твиттеринде» кабарлады. Жеки Чанга сыйлыкты «Кымгуут сааттагы» өнөктөшү Крис Такер ыйгарган.

Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында жайгашкан Hollywood and Highland Center көңүл ачуучу борборунда өткөн.

Сыйлык тапшыруу аземинде 62 жаштагы актёр айтып бергендей, «Оскар» аземин көрүп жаткан атасы эмнеге ал алигиче киноакадемиянын сыйлыгын ала электигин сурачу. Айтымында, туруктуу уланып келе жаткан кинематографиялык карьерасына карабастан ал «престиждүү сыйлыкты» алам деп күткөн эмес.

Жеки Чанга сыйлыкты Крис Такер ыйгарган.

«Кино өнөр жайындагы 56 жылдан кийин, 200дөн ашык фильмден кийин, канчалаган сынган сөөктөрдөн кийин, акырында бул меники», — деген Жеки Чан колуна статуэтканы кармап алып.

Жеки Чандан сырткары киноискусствосуна кошкон салышмы үчүн сыйлыкты дагы үч адам алган.

Жеки Чандан сырткары сыйлыкты кастинг-директор Линн Сталмастер, документалист Фредерик Уайзман жана британиялык монтажёр Энн Коутс алган.

Киноискусствосуна кошкон салымы үчүн ардактуу «Оскар» сыйлыгы ар жылы 1948-жылдан ноябрда өткөрүлүп келет. «Оскардын» негизги сыйлык тапшыруу аземи февраль айында өтөт.

Жеки Чан мындай сыйлык буга чейин алган, бирок музыкалык MTV телеканалынан.

Жеки киноискусствосуна кошкон салымы үчүн ушундай эле сыйлыкты 1995-жылы май айында MTVнин сыйлык тапшыруу аземинен алган. Актёрду Квентин Тарантинонун кыстоосу менен сыйлашкан. Квентин Тарантино эгерде бул шарт аткарылбаса, аземди алып барбай турганын айткан. Жекиге сыйлыкты Квентин өзү берген.

Жеки Чан — 2016-жылдын эсебинен «эң кымбат» актёрлордун тизмесинде экинчи. Сүрөт: Forbes

Актёр жана режиссёр Жеки Чан «Мас устат», «Кудайдын курал-жарактары», «Кымгуут саат» жана башка фильмдерден кийин кеңири таанымал боло баштаган.

«Forbes» журналынын рейтинги боюнча 2016-жылы Жеки Чан эң көп төлөнгөн актёрлордун тизмесинде экинчи орунду ээлеген. «Маймылдардын королу» мультфильминде үн коштоо үчүн жана кытай фильмдеринде роль жаратуу үчүн анын кирешеси 61 миллион долларды түзгөн.

Актёр өзү мойнуна алгандай, фильмдерге тартылган жылдарда ал иш-жүзүндө бардык сөөгүн, анын ичинде мурдун үч жолу сындырып алган. Травма алып, колу болсо эсепсиз жолу сынган. Ийинин эки жолу, жамбаш жана көкүрөк сөөктөрүн чыгарып алган. Бир жолу анын сандары эки транспорт каражатынын ортосунда эзилип калган.

«Бронкстагы териштирүү» фильмине тартылып жатып ал кызыл ашыгын сындырып алган. Тартуу процессин басаңдатпаш үчүн Жеки Чан гипстин үстүнөн байпак кийип, аны кроссовки сыяктуу боёп алып, трюктарын аткарууну уланта берген.

Ден соолугуна эң олуттуу көйгөй «Кудайдын курал-жарактары» (1986) фильмине тартылуу учурунда жаралган. Дарактан кулап түшүп, анын жыйынтыгында баш сөөгүнөн жаракат алып, өлүп кала жаздаган.

«Бүркүттүн көлөкөсүндөгү жылан» фильмине тартылып жаткан учурда каскадёрлордун бири мокок кылычтын ордуна курч мийиздүү кылыч менен Жеки Чанга жаракат келтирген. Андан кийин актёр өзү ишенген гана каскадёрлор менен иштей баштаган — ал өзүнүн каскадёрлор командасын түзгөн.

«Sing Кар Pan» — Жеки Чандын каскадёрлор командасы.

Жеки Чан «Sing Кар Pan» деген ат менен өзүнүн каскадёрлор бирикмесин түптөгөн. Ага мектеп-интернатынан бери тааныш болгон жакшы даярдыктагы адамдар кирген.

Алар Жеки Чандын 28 фильмине хореографиялык номер коюшуп, тасма тартуу учурунда аны менен чогуу жашашкан.

Жеки Чандын үч Гиннесс рекорду бар.

«Гиннесс рекорд китебинен» өзүнүн алгачкы сыйлыгын «Лорд ажыдаар» фильминин 10 секундалык сценасына 2900 дубль тартканы үчүн алган.

Жеки Чан учурда жашап жаткан каскадёрлордон да көп трюк аткарган — ал үчүн Жеки экинчи «Гиннесс» сыйлыгын алган. Үчүнчүсүн болсо, бир фильмдин аягындагы титрде атынын чыккан саны боюнча алган.

«Кудайдын курал-жарагы: Зодиак миссиясы» фильминде ал бир эле учурда сценарист, режиссёр, башкы актёр, продюсер, аткаруучу продюсер, оператор, художник-коюучу, өндүрүштүк продюсер, трюктардын координатору, реквизит боюнча башчы, жарык берүүчү, каскадёр, композитор, тематикалык ырдын аткаруучусу жана керек болсо коомдук тамактануу боюнча координатор да болгон.

Жеки Чан — гонконгдук, кытайлык жана америкалык актёр, каскадёр, кинорежиссёр, продюсер, сценарист, трюктарды жана мушташ сахналарын коюучусу, ырчы, филантроп, мушташ искусствосунун мастери. Ал ошондой эле ЮНИСЕФтин ыктыярдуу элчиси жана Британ империясынын орденинин кавалери болуп саналат.

Ал жети тилди билет: кантон, мандарин, англис, немец, корей, жапон, тай, ошондой эле америка жаңсоо тили. Андан сырткары Жеки Чан Гонконг кино өнөр жайында триададан көз карандысыздыкка ээ болгон жалгыз адам болуп эсептелет.