Сүрөт: Баткендин тургуну карышкыр багып алды

Баткен облусунун Андарак айылынын тургуну эки карышкыр багып алды. Ал тургай жаныбарлардын бирин төрт тонна көмүргө алмаштырып, пайдасын да көрүп жатканын айтат.

Арстанбек Артыков Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Андарак айылында турат. Эки жыл мурун ал үңкүрдөн төрт бөлтүрүк таап алып, экөөнү өзү багып алып, калганын башка адамдарга берип жиберген.

«Мен бөлтүрүктөрдү кызыкчылык үчүн гана багып жатам, өзгөчө максатым деле жок. Буларды кызыкчылык үчүн баккандыктан сатуу ойдо дагы жок. Булар иттей эле, каппайт. Байлап өзүм менен ээрчитип жүрөм. Унаама дагы артып алып ары-бери барабыз», — дейт Артыков.

Айыл тургуну карышкырлардын бирин төрт тонна көмүргө алмаштырганын айтты — ал кышы бою жакканга жетет.

Артыковдун ишендиришинче, карышкырлардын бири да үй жандыктарына тийген эмес. Ал итче үйрөтүлсө да ээси аны капаста же байлоодо кармайт.

«Бул бакма. Чоочун кишилерди көргөндө каппайт, жөн гана жатыркайт. Иттер менен ойнобойт, анткени иттер мындан коркот», — дейт карышкырдын ээси.

Артыков бөрүнү эт жана атала менен багып, эки күндө бир жолу сууга түшүрүп, капасын күндө тазалап тураарын айтат.