ИИМ: АКШ жараны 1 миллион долларлык камсыздандыруу үчүн өзүнүн Кыргызстандагы жасалма өлүмүн уюштурган

Туугандары камсыздандыруу боюнча 1 миллион доллар алышы үчүн АКШ жараны өзүнүн Ош облусундагы жасалма өлүмүн уюштурган. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Өзбекстанда туулуп, 2000-жылдары АКШ жарандыгын алган киши 2014-жылы Кыргызстандагы өзүнүн жасалма өлүмүн уюштурган. Милициянын версиясы боюнча, бул иш камсыздандыруу боюнча 1 миллион долларды алыш үчүн жасалган.

Милиция шектүү кишинин аты-жөнүн ачыкка чыгарбай, анын И.А. деген инициалдарын гана көрсөтөт.

Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматы жасалма өлүмдү уюштуруу анын өлгөндүгү катталганы тууралуу жасалма жазууну жана өлгөндүгү тууралуу жасалма күбөлүктү камтыганын билдирди.

Андан кийин бул документтердин негизинде Кара-Суу районундагы көрүстөндө ал киши үчүн жасалма мүрзө казылып, ага эстелик коюлган.

«Ал кишинин туугандары камсыздандыруу компаниясынын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн босогосун таптап, камсыздандыруу төлөмүн талап кыла башташкан. Ошол эле таш эстеликти жана маалымкаттарды Ошко келген камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрүнө көрсөтүшкөн», — деп билдирет ИИМ.

Милициянын версиясы боюнча ал кишиге Кыргызстандын түштүгүндөгү ооруканалардын биринде иштеген паталогоанатом жардам берген. Дарыгерге каршы жасалма кызматтык кагаздарды даярдаганы үчүн иш козголуп, кийин чоң штраф салынган.

Жасалма өлүмдү уюштуруу фактысы боюнча жасалма документтерди даярдоо үчүн иш козголгон.

«Өз өмүрүн камсыздандырган киши укук коргоо органдарынан жашырынып, азыркы убакта издөөдө жүрөт. Бул фактынын ачылганы тууралуу маалымат тиешелүү өлкөнүн элчилигине/консулдугуна бир нече ай мурун берилген», — деп кабарлады милиция.