Кыргызстандыктар Түштүк Кореядагы Dota 2 боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орун алышты

Кыргызстандын командасы Түштүк Кореядагы Dota 2 оюну боюнча турнирдин финалына чыкты. Ал экинчи орун алып, 17 миң доллар утту.

Түштүк Кореяда World Electronic Sports Games 2016 турнири өтүп, Азия квалификациясынын натыйжасында чемпионаттын LAN-финалдарынын акыркы 6 катышуучусу аныкталды. Алардын арасында кыргызстандык NoLifer5.Reborn командасы да бар, ал экинчи орунду ээлеп, 17 миң доллар утту.

Түштүк Кореядагы турнир кыргызстандык Dota 2 оюнчулары үчүн алгачкы масштабдуу сынак болду. Команданын менеджери Александр Польшиндин айтымында, команда турнирдин күмүш медалын утуп алды, бирок башында алты мыкты оюнчунун катарына кирүүгө гана үмүт арткан.

Бектур Кулов Runec деген ник менен ойнойт. Ал керринин иш милдетин аткарат — анын каарманы душманга кыска мөөнөттө чоң зыян келтире алат.

Команданын капитаны Бакыт Эмилжанов алтын медаль уткандардан башкалардын баары бирдей стратегия колдонгону үчүн биринчи үч оюнчунун катарына кошулуу мүмкүн болду дейт.

«Биз каршылаштарыбызды көп талдадык жана алар менен ойноп жатып алар үчүн эки күчтүү каармандын тактикасын колдондук — алар үчүн жакшы саппортторду тандадык [командага жардам берүүгө арналат]. Ушул стратегияын жардамы менен биз утушка ээ болдук, каршылаштарыбыз тескерисинче көп ресурстарын уттурушту», — деди Бакыт Эмилжанов.

Дуулат Субанкулов Stormc4t mid position ролунда — бул борбордук баскынчы оюнчу.

NoLifer5.Reborn менеджери Александр Польшин утушту команданын өнүгүшүнө жумшамакчы.

«Утулган акчаны биз команданын өнүгүшүнө жумшайбыз, биз чоң бийиктиктерге жетели деген планыбыз бар», — деди Польшин.

Жонни Ри Blizzy оюнда support — баш каармандардын жардамчысы.

Александрдын айтымында, акчалай утуштан тышкары алар Кытайдагы турнирге жолдомо утуп алышты, ал жактан эми бир жарым миллион долларлык байге үчүн күрөшө алышат. Ал команда демөөрчүлөрдүн колдоосуна муктаж экенин кошумчалады.

«Мындан ары өз күчүбүзгө эле ишене бербей, өнөктөштөрүбүзгө да таянгыдай болуп демөөрчүлөрдөн кандайдыр жардам алсак жакшы болот эле», — деди ал.

Команданын өз сайты жок, «Вконтакте» коомдук түйүнүндө жамааты гана бар. Эл аралык турнирлерге катышкан убакта билетке жана жашаганына керек болгон акчаны команда өз күчү менен чогултат.

NoLifer5.Reborn командасы беш оюнчудан турат:

Команданын капитаны Бакыт Эмилжанов жана оюнчу Жонни Ри саппорт — баш каармандардын жардамчылары катары милдет аткарышат. Илгиз Жунушалиев «оффлайн» ойнойт, анын милдети — колдон келишинче утулбай оюнду улантуп, оюндагы акчаны жана упайларды чогултуу.

Дуулат Субанкулов — команданын борбордук оюнчусу, Бектур Кулов болсо — керри, анын каарманы каршылашына кыска мөөнөттө чоң зыян келтире алат.