«Белизгейт»: Парламент менен УКМК Текебаев «Мегакомдун» акцияларын сатууга кызыгып-кызыкпаганы боюнча талаша кетишти

«Мегакомдун» акцияларын сатууга бийликти сындаган депутаттар кызыгышканын Белизден келген документтер далилдеди деп эсептеген УКМКнын башчысы жана башкы прокурор алар боюнча парламент алдында маалымат беришти. Парламенттегилердин бир бөлүгү иликтөөнүн зарылдыгынан күмөн санашты. ЖМКдагылар болсо Белизден Кыргызстанга эч ким документ жөнөтпөгөнүн билдиришти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева 16-ноябрда парламентте чыгып сүйлөштү.

Алар Белиздеги Wrobel&Co компаниясынын документтерин көрсөтүп, алар «Ата Мекендин» үч депутаты — Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова — «Мегаком» уюк операторунун акцияларын сатууга каржылык кызыкчылыгы болгонун далилдейт деген пикирин айтышты.

Атайын кызматтардын маалыматына караганда, бийликти сындаган депутаттар 2012-жылы Southfield оффшор компаниясынын жалпысынан 22 пайыз акциясына ээлик кылышкан. Өз кезегинде бул фирма «Мегакомдун» 50 пайыз акциясын ээлеп, бийликтин маалыматы боюнча өз учурунда бийликтен кулатылган президенттин баласы Максим Бакиев менен байланыштуу болгон.

УКМК алар тапкан документтер эгерде 2012-жылы «Мегакомдун» акциялары 50 миллион долларга сатылып кетсе, Текебаев, Шыкмаматов жана Салянова акча алмак болгонун далилдейт деп жатат. Бирок ал акциялар кийин мамлекетке алынып, сатылбай калган.

Документтердин аныктыгына далил катары Сегизбаев андагы депутаттардын паспорттук маалыматтарын окуп берди. Паспорттордун номерлеринин арасында УКМКнын башчысы Текебаевдин улуттук паспортунун (ID-картасынын) номерин айтып, депутаттардын күмөн ойлорун пайда кылды.

Депутат Наталья Никитенко эл аралык компаниялар улуттук паспорттор менен иштеши мүмкүн экенинен күмөн санайт.

«Ата Мекендеги» Наталья Никитенко эл аралык компаниялар улуттук паспорттор менен иштээринен шек санады. Ал муну «өтө одоно ката» деп атап, УКМК да, прокуратура да далил келтире алышкан жок деп эсептеди.

«Факты жөнүндө айтыш үчүн белгилүү бир иш жүргүзүп, далилдер чогултулушу керек болчу. Бүгүн УКМК төрагасы жана башкы прокурор иш жүрүп жатат деп айтышты. Берилген маалыматты факты деп айтканга болбойт», — деди ал.

«Бир Бол» партиясынан шайланган депутат Чолпон Жакупова депутаттарга карата жүргүзүлгөн текшерүү келечеги жок жана мыйзамга ылайык эмес экенин белгиледи, анткени кылмыш жасалган эмес — акциялар сатылган эмес.

Текебаев өзү ушул документтерди жана «Мегакомдун» акцияларына байланышкан бардык жагдайларды изилдөө боюнча комиссия түзүүгө депутаттарды үндөдү.

«2010-жылы биз үй-бүлөлүк, кландык башкаруудан арылалы дедик эле, бирок 2010-жылы ага кайтып келдик. Бул куралданбаган көз менен деле көрүнүп калды. Биз буга көз жуумп койсок дагы, бул маселе өзүнөн өзү чечилбейт», — деди ал.

Wrobel&Co: Документтер жиберилген эмес

«Азаттык» үналгысынын журналисттери Wrobel&Co компаниясынын өкүлү Вианни Солис менен байланышганда ал өзү иштеген компания Кыргызстандын президентине эч кандай документ жөнөтпөгөнүн айтты.

Wrobel&Co компаниясы Кыргызстанга эч кандай документ жөнөтпөгөнүн билдирет. Сүрөт: « Азаттык»

«Биз нотариалдык кызмат көрсөтөбүз. Эгерде Вробел кайсы бир документке кол койгон болсо, ал күбөлөндүрүш үчүн же «Апостиль» штампы менен ырасталышы үчүн жасалган болушу мүмкүн. Биз башка компанияларга ошондой кызмат көрсөтөбүз. Биз аларды [Кыргызстандын] президентине жөнөтүшүбүз эч мүмкүн эмес. Нотариалдык кызматтан пайдаланыш үчүн кайрылган өнөктөштөргө биз документтерди ырастап бере алабыз», — деди ал.

Сегизбаев документтердин аныктыгын айтып көшөрүп, сырын ача албай турган өз маалымат булактарына таянууда. Сегизбаевдин айтымында, депутаттар бул документтер кантип алынганын сөзсүз билиши зарыл эмес.

«Биз документти расмий органдан, мөөрү менен алдык. Аны танып болбойт. Эгерде биз «Азаттыктын» кабарларына ишенсек, анда укуктук мамлекет кура албайбыз», — деди УКМКнын башчысы.

Жолдубаева азырынча эч кандай иш жүргүзүлө электе парламенттин алдында маалымат берүүнүн мааниси жок экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, Текебаевге, Саляновага жана Шыкмаматовго каршы эч кандай иш жок, болгону текшерүү жүрүп жатат. Ал парламент текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат сурашы керек деп эсептейт.

Белизден келген документтер

УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев 14-ноябрда президент Алмазбек Атамбаевге Белиздеги Wrobel&Co компаниясынын трасттык документтерин көрсөттү.

Southfield Management Inc. компаниясы болжол менен Максим Бакиевге таандык болгон.

Сегизбаевдин айтымында, документтер Белиздин расмий органдарынан алынган жана болжол менен Максим Бакиевге таандык болгон Southfield Management Inc. оффшор компаниясы тууралуу маалыматты камтыйт.

2012-жылы ал компания «Мегаком» уюк операторунун 50 пайыз акцияларына ээлик кылган жана аларды 50 миллион долларга сатууну пландаган.

Документтерге ылайык, Текебаевге, Саляновага жана Шыкмаматовго компаниянын акцияларынын 22 пайызы таандык болгон жана алар «Мегакомду» сатуудан пайда көрүшмөк.

Бирок Southfield Management Inc. «Мегакомдун» акцияларын сата алган эмес, анткени алар мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.