Сүрөт: Бишкек кардын жаашын кантип өткөрдү?

Кардын жаашына Бишкек салттуу түрдө даяр болгон эмес. Электр өткөргүч зымдар үзүлүп, дарактар кулап, чатырлар сынган. Жааган кардан келтирилген мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн мэриянын кызматкерлери жана саясий партиялардын мүчөлөрү иштешти.

Kloop.kg Бишкекте жааган кардын кесепеттерин сүрөткө тартып алды.

Эмен багынын ортосунда кулаган дарак.
«Сейтек» театрында кулаган дарак.
«Сейтек» театрында кулаган дарак.
Панфилов паркындагы аттракционго кулаган дарак.
Панфилов паркындагы аттракционго кулаган дарак.

Кыргызстанда ар жылы кыш келип, кээде кар октябрда да жаап коюшу мүмкүн, акыркысы болсо жашоочуларды таң калтырып апрелде жаашы ыктымал. Ошого карабастан кыргызстандыктар карга ар дайым даяр эмес.

Сүйүнбаев жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде сынган дарактан «арка».
Сүйүнбаев жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде сынган дарактан «арка».
Фрунзе көчөсүндө кулаган дарак жолду тосуп койгондуктан өтүүгө мүмкүн эмес.
Фрунзе көчөсүндө кулаган дарак жолду тосуп койгондуктан өтүүгө мүмкүн эмес.
Чүй Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарак кардык оордугунан ийилип калган.
Чүй Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарак кардык оордугунан ийилип калган.

Кардын салмагынан зымдар үзүлүп, дарактар кулап, а түгүл чатырлар да сынып кетет. Байланыш боюнча ыктымал көйгөйлөр тууралуу интернет операторлору алдын ала эскерткен. Интернет компаниялардын айтымында, байланыш көйгөйлөрү зымдардын үзүлүшүнөн улам келип чыгышы мүмкүн жана ар дайым эле алардын адистери көйгөйдү ийгиликтүү чече албайт.

Автобазардын чатыры урап түшкөн.
Автобазардын чатыры урап түшкөн.

Коммуналдык кызматтар кардын кесепеттерин жоюуда. «Зеленстрой» болсо кулаган дарактарды жана бутактарын алууда, мэрия түндөсү «жаткан полициянын» муздарын талкалоодо.

Кулаган дарактарды алып, жолдорду муздардан тазалоо менен саясий партиялардын мүчөлөрү да алектенүүдө. Анткени 11-декабрда шаардык кеңешке шайлоо өтөт.

Кардын кесепеттерин интернет колдонуучулары бири-бирине айтып эскертүүдө.

Эгер сиз кулаган же кулайын деп турган дарак көрсөңүз, төмөндөгү номурлар аркылуу жардам сурап кайрылыңыз:

  • Аскат Карынбаев, Ленин району — телефон 0557 997 927;
  • Таалайбек Акматбаев, Октябрь району — телефон 0554 955 509;
  • Руслан Шарапов, Биринчи май району — телефон 0558 336 640;
  • Марат Матмусаев, Свердлов району — телефон 0555 447 154.