«Акчабар»: Пайдасы жок «жаткан полициячылардын» орнотулганы үчүн ким жооп берет?

Бишкекте мурда орнотулган «жаткан полициячылардын» жарымына жакыны алынды. Аларды алууга аба ырайынан улам жасалма бөгөттөрдү муз каптап, автоунаалардын өтүшүнө жолтоо болуп жатканы себеп болду.

Материалдын түп нускасы «Акчабар» сайтында жарык көргөн.

Баш калаада 50дөн ашык «жаткан полициячы» дем алыш күндөрү ордунан алынганы тууралуу «Акчабарга» Бишкек мэриясынын басма сөз кызматындагылар айтып беришти. Жалпысынан шаар боюнча андай бөгөттөрдөн 110дон ашууну орнотулган.

Мурда башкалаанын ШИИБнин КМБсынын жол көзөмөлү Бишкекасфальтсервис муниципалдык ишканасына мектептердин жана бала бакчалардын жанында жалпы жонунан 120 жасалма бөгөт орнотууга буйрук берген. Андан бери ишкана 114 «жаткан полициячы» орнотууга жетишип, эми аларды кайра ордунан алуу менен алек.

«Акчабар» мааниси жок болуп чыккан бөгөттөрдү орнотуш үчүн канча акча текке кеткенин билмек болду. Бирок Бишкекасфальтсервистегилер так сумма эсептелип чыга элек экенин билдиришти. Өндүрүш башчысы Жумакадыр Алымбаев «жаткан полициячынын» бир өлчөмө метри 400 сом, сырдалганы  500 сом тураарын гана айтты.

Башкалаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы да Бишкекасфальтсервистин каржы бөлүмү ылдамдыкты мажбурлап азайтыш үчүн коюлган бөгөттөр шаардан канча акча талап кылганын азырынча айта албай турганын ырасташты.

Жасалма бөгөт (жаткан полициячы) жолго туурасынан орнотулат. Анын калыңдыгы 6-7 сантиметр, туурасы 40-50 сантиметр болот. Болжолдуу эсеп боюнча, жолдун туурасы 6-8 метр, бир өлчөмө метрдин баасы 400 сом деп эсептегенде, 114 «жаткан полициячынын» материалына эле 350 миң сомдой акча кеткен. Мында иштин баасы эсепке алынган жок.

Мурда, 31-октябрда, парламенттеги «Республика  Ата-Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабановдун расмий баракчасында 26-чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин «Республика» фракциясынын 2012-2016 жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жарык көргөн. Ага караганда, башкасы менен катар, 4 жыл ичинде «жаткан полициячыларды» орнотууга 3 миллион 394 миң сом бөлүнгөн.

Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика» фракциясынын депутаты Гүлнара Молдобаева дээрлик 3,4 миллион сомдун ичинен «полициячыларды» орнотууга 99 миң сом гана жумшалганын түшүндүрдү.

«Фракция бардык мезгил ичинде аларды орнотууга жалпысынан 99 миң сом бөлдү, анын ичинде ар бири үчүн 39 миңден. Калган акча светофорлорду орнотууга сарпталган», — деди депутат.

Мындан тышкары, Молдобаева мектептердин жана бала бакчалардын жанындагы бөгөттөр кайра алынбай турганын белгиледи. «Максатка ылайыксыз» орнотулгандары гана ордунан алынууга тийиш экен.

«Мисалы, «жаткан полициячылар» Исанов көчөсүндөгү Эсеп палатасынын жанында, же Абай көчөсүндөгү карылар үйүнүн жанында орнотулган. Алардын ал жерде мааниси жок болчу», — деп белгиледи ал.

Бирок жыйынтыгында аларга канча акча жумшалганы, мааниси жок болуп чыккан бөгөттөрдү орнотуш үчүн бюджеттик каражаттардын туура эмес пайдаланылганына ким: буйрук берген Бишкек боюнча ШИИБнин КМБсынын жол көзөмөлү, же аны аткарган Бишкекасфальтсервис жооп берээри белгисиз.

Анан эгерде иш сапатсыз аткарылган болсо, анын айынан жолдордо аба ырайы начар кезде кырсык болуп, автоунаалар зыян тартса, алар тиешелүү ченемдерди аткарбастан, ойго келген жерлердин баарына орнотулганы үчүн кимдир-бирөө жооп бериши зарыл болсо керек.

Стандарттарды иштеп чыгууга эч ким жан үрөп кирише калбай тургандыгы, ал эми жагымсыз жаңылыштыкты баары унутуп калышаары көрүнүп эле турат.

Кечээ жакында кар жаагандан кийин автоунаа айдоочулар коомдук түйүндөрдө «жаткан полициячылар» темасын жандуу талкуулап киришти. Айдоочулардын пикиринде, муз каптап калган бөгөттөр автоунаалардын жүрүүчү бөлүгүн бузуп, жолдон өтүүгө жолтоо болот экен. Анысы аз келгенсип, Кыргызстанда «жаткан полициячыларды» орнотууну жөнгө сала турган ченемдер эмгиче иштелип чыккан эмес.