Адвокат: Ишкерди сабаган УКМКнын кызматкери иштен кетирилди

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары боюнча УКМК бөлүмүнүн башчысы ишкерди сабаганы боюнча козголгон кылмыш ишинин айынан кызматтан кетирилди — бул тууралуу жабыркаган ишкердин адвокаты кабарлады. УКМК менен ИИМ бири-бирине шылтап, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Кант рафинадын чыгарган чакан комбинаттын ээси Зарылбек Мааткалыков аны Кызыл-Кыяда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери Замирбек Жолболдуев сабап салганын сентябрдын аягында билдирген.

УКМК менен ИИМ ал кезде бул факты боюнча иликтөө баштаган жана Мааткалыковдун адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында, анын жыйынтыгы Жолболдуевди иштен кетирүү менен аяктады.

Бирок атайын кызматтын өкүлү иштен кетирилгенин ырастоону УКМК да, ИИМ да каалашкан жок.

«Бул иш менен ИИМдин кызматкерлери алек болуп жатышат, ошолор комментарий берсин. Мен силерге эч нерсе айта албайм», — деди УКМКнын басма сөз борборунун кызматкери.

«Бул ошолордун кызматкери, аны ошолордун мекемесинен кетиришкен, комментарийди ошолор бере берсин», — деди ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев.

«Жумшак» берене

Атайын кызматтын өкүлү иштен кетирилгенине карабастан — бул Кыргызстан үчүн сейрек учураган көрүнүш — адвокат Айткулов өзү жактаган кишиге карата иштин кандайча жүргүзүлүп жатканына нааразы.

Биринчиден, анын айтымында, Жолболдуевге каршы иш «Хулиганчылык» беренеси боюнча козголгон — ал жабыркаган тарап талап кылгандан алда канча жумшак.

«Эмне үчүн мындай жумшак берене боюнча кылмыш иши козголгону түшүнүксүз, чындап келсе ал жерде карактоо болгон, Мааткалыковдун акчасы жоголуп кеткен. […] Унаанын салонунда 156 миң сом бар болчу, ошол акча ал таяк жегенден кийин жоголуп кеткен», — деп ачууланды Айткулов.

Экинчиден, окуянын фактысы боюнча эки кылмыш иши козголгон, экинчиси — жабыр тарткан ишкерге карата, УКМКнын кызматкеринин «денесине жаракат келтиргендиги» үчүн болчу.

Зарылбек Мааткалыков өзү Kloop.kg менен болгон маекте иш боюнча кантип айыпталуучу катары каралаарын түшүнбөй жатканын айтты.

«Азыр аялым экөөбүз Бишкекке барып, ал жактан кайра көрүнөйүн деп атам. Анын үстүнө аялым да ошондо катуу стресс алган», — деди ал.

Жолдогу мушташ

Сентябрдын башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Ички иштер министрлиги УКМКнын кызматкери ишкер Мааткалыковду сабоого тиешеси бар-жогун иликтей башташкан. Ишкер өзүнүн таяк жегенин «бизнестеги үлүшүн берүүдөн» баш тартканы менен байланыштырат.

Анда УКМКнын басма сөз кызматы ишкер Мааткалыков менен Жолболдуевдин ортосундагы мушташтын себептери калыстыкты камсыз кылыш үчүн ИИМдин кызматкерлери тарабынан иликтенээрин билдирген.

Мааткалыков төрт кишиден келтек жегенин, алардын бири Жолболдуев болгонун айткан. Окуя 25-сентябрдын түнүндө ал аялы экөө Кызыл-Кыя шаарынан Караван айылына баратканда болгон.

Мааткалыковдун айтымында, УКМКнын кызматкери Жолдубаев мас болчу, ал эми ыкчам топ андан анализ тапшырууну суранганда ал качып кеткиси келип, бирок кача албай калган. Медициналык экспертиза Жолболдуевдин мас абалында болгонун ырастаган.

Баштапкы текшерүүдө дарыгерлер Мааткалыковдун мээси чайкалып, денесинин көп жери көгөргөнүн ырасташкан.

Сүрөттө: ишкердин желкеси. Маалымат булагы: Turmush

ТЕМА БОЮНЧА: 


УКМК өз кызматкери катышкан чыр боюнча кызматтык иликтөөжүргүзөт