Бишкекти кантип оңдосо болот: шаарды өнүктүрүш үчүн 18 идея

Жеткиликтүү шаардык чөйрө, акылдуу аялдамалар, транспорт маселелеринин чечилиши, тыгындар менен күрөш жана бардыгы жөө жүрө ала турган зона – бишкектик саякатчылар Кыргызстандын борборун оңдоо боюнча өз идеяларынан бөлүштү.

Лондон

Акылдуу аялдамалар, чыгармачылык үчүн мейкиндик, өзү тейлей турган кассалар жана Бишкектин көйгөйлүү маселелерин чече турган дагы эки идея. Лондондо болуп келген pr-адис Василий Лаевский кеңеш берет.

Граффити үчүн бош дубалдар

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Лондондо граффити тартууну үйрөнсө боло турган дубалдар бар. Чыгармачылыкты көрсөтүш үчүн дубалдарды жергиликтүү бийлик бөлүп берет, анан калса тумандуу Альбиондун тургундары да көчөдөгү чыгармачылыкка каршы эмес.

Беш метр сайын урна

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Британ борборунда таштандыны сорттоо системасы жолго коюлган, ошондуктан беш метр сайын ар кандай урналар турат. Мисалы, короолордо кереги жок бут кийим жана кадимки кийим үчүн контейнерлер турат. Аны чогултуп сатып жиберип, түшкөн акчаны коомдук иштерге жумшашат. Алардын жанында батарейкалар жана лампочкалар үчүн урналар турат, аларды кийин керекке жаратышат.

Бардык жерде чыгармачылыктын руху

Лондондо көчө музыканттары толтура! Метродо, көчөлөрдө, парктарда. Шаарда спектакль же концерт көрүп келе турган жерлер абдан көп. Ал сөзсүз эле чоң театрлар эмес. «Гамлеттин» коюлушун жергиликтүү пабдан көрсө да болот.

Лондондун автобус системасы

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Лондондогу ар бир автобус аялдамасы — ойлонуп жасалган иштин жана маалымдуулуктун майрамы. Алар бул жерде 300 метр сайын кездешет. Автобусту пайдаланыш үчүн жүргүнчү алдын-ала эч нерсе кылып кереги жок: чечим кабыл алыш үчүн зарыл нерсенин баары аялдаманын өзүндө эле турат: жакында жөнөй турган багыттардын графиги бар табло, кыймылдын багытынын схемасы жана аялдамага жакындап келаткан унаалардын баарынын тизмеси бар.

Өзү тейлеген кассалар

Алармандар азык-түлүк дүкөндөрүндө сатып алгандарын өздөрү сканерлеп, акысын өздөрү төлөшөт. Кассирлердин алдындагы кезектер автомат кассалардан өзүнчө турат. Мындай мамиле Лондондун тургундарына убакытты кыйла үнөмдөгөнгө жардам берет.

Жолтоосу жок жашоо

Концерт залдары, театрлар майып адамдар үчүн атайын жабдылган. Бул коомдук транспортко да тиешелүү, анда майып коляскачан киши башкалардын жардамына муктаж болбой же анча муктаж болбой эле шаар чөйрөсүндө өзүн ыңгайлуу сезет.

Дания, Орхус

Заманбап китепкана, төлөмдүн ыңгайлуу системасы жана шаар маселелерин чечүүнүн үч жолу тууралуу журналист Салтанат Ибраева айтып берет.

Велосипед — жалпы жүргүнчү каражаты болгон шаар

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Адегенде велосипед тебүү мага опурталдуу жана таң каларлык көрүнгөн, бирок көнө түшкөндөн кийин мен педаль тегеретүү гениалдуу идея экенин түшүндүм.

Биринчиден, жолдо тыгын кыйла азыраак, жүрүш эркин, ошондой эле жүрөк дайыма машыгып турат. Копенгагенде Кыргызстанга караганда жай кыскараак экенин, дайыма жаан жаап тураарын, деңиз жактан шамал согоорун эске алганда деле, элдин баары велосипед тээп жүрөт.

Мен, албетте, түшүнүп турам — Бишкекте велосипед автоунааны жолдордон сүрүп чыгарышы үчүн велосипед жолдорун салып, аны кое турган жерлерди бөлүп берип гана тим болбостон, кылмыштуулук менен уурулуктун деңгээлин да төмөндөтүш керек. Мисалы, Дания менен Нидерландыда велосипед уурдоо — оор кылмыш.

Бирдиктүү архитектуралык стиль

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Бишкекке зарыл болгон дагы бир жагдай — бул бирдиктүү архитектуралык стиль. Кыргыздар көчмөн эл болгондуктан, биринчи шаарлар Орус Империясынын, кийин Советтер Союзунун келишине байланыштуу пайда болгон. Бишкек кутучаларга окшогон бопбоз, жадатма бир өңчөй имараттарга жык толуп турат. Анын үстүнө панелдик, бетон үйлөрдө кышында абдан суук болот, андыктан кыштан эле үй салган жакшы.

Заманбап шаар мейкиндиги

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Данияын Орхус шаарында Скандинавиядагы эң чоң Dokk1 китепканасы ачылды. Бул жерде китеп алып гана тим болбостон, паспорттун мөөнөтүн узартып, салык декларациясын тапшырып же айдоочунун күбөлүгүнө өтүнмө берсе да болот.

Dokk1де студенттик сабактар үчүн эки саатка бөлмөлөрдү таптакыр бекер алса болот. Заңгыраган тепкичтүү холлдо саясий жетекчилер же активисттер менен жолугушуу өткөрүп, ал тургай референдум өткөрсө да болот. Имараттын ичинде балдар ойной турган бөлмөлөр бар. Китепканада документалдуу фильмдер көрсөтүлүп, балдар үчүн билим берүүчү жана интерактивдүү сабактар өтүлөт. Баары бекер.

Билборддордун жоктугу

Данияда тышкы жарнама деген таптакыр жок. Ал шаар имараты оңдолуп жаткан учурда гана коюлат. Жергиликтүү маркетологдор жана жарнама адистери жарнаманы эчак эле чыгармачыл куралга айландырышкан: ал имараттардын дубалындагы кооз сүрөт же көрнөк түрүндө жасалат.

Жүргүнчү билеттери

Коомдук транспорт үчүн кайсы жерде канча акча төлөш керек экенин ойлогонго мажбур кылбаган жүргүнчү билеттери бар. Төлөм системасы абдан ыңгайлуу — жүргүнчү билетин сатып алып, аны каалаган суммага толтура бересиң, башкача айтканда эң аз же эң көп деген сумма жок. Ал жүргүнчү билетти транспортко кирип жана андан чыгып баратканда атайын таблого тийгизип коесуң. Мында жол кире канча болгонун, эсепте канча акча калганын көрүп турасыңар. Атайын табло сөзсүз бул тууралуу маалымат берип коет.

Нью-Йорк

Бишкек имараттарга толуп баратат. Ички жасалга дизайнери Андрей Быков башкалаада жашыл аралчалардын пайда болушу канчалык маанилүү экенин айтып берди.

Жашыл аралчалар

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Мен шаарыбызга көчөдөгү эс алуу жайлары жетишпейт деп эсептейм. Ал адатта көчө торуна «кийгизилген», отургучтары бар, жашылдандырылган чакан аянтчалар же скверлер болушу мүмкүн. Азыр Бишкекте болуп жаткан нерселердин баары кыймылга гана кызмат кылат: жолдор менен тротуарлар гана бар.

Адамдар акыр аягы бир жерге токтоп, сүйлөшүп, таанышып алгыдай мүмкүнчүлүгү болушу керек да. Нью-Йорк же Торонто сыяктуу шаарлардын тажрыйбасына таянсак, аянты 10х10 метрлик мындай аянтчалардын салынышынан улам адамдар коомго көбүрөөк аралашып, көңүлү азыраак чөгүп, шаар турмушуна жакындык сезими пайда болот экен. Менимче, Бишкекке шаардын ортосундагы мындай бурчтар абдан зарыл.

Прага жана Иерусалим

Күн батареялары менен иштеген маалымат таблолору, смартфонду дүрмөттөп алса боло турган автобус, отургучтардын ордун басчу нерселер жана шаар үчүн дагы эки жаңылык тууралуу SMM-адис Светлана Марголис кеп кылат.

Арзандатылган жол кире

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Прагада жол кире төлөөнүн бир канча: саат сайын, сутка сайын, ай сайын жана жыл сайын иштеген системалары бар. Студенттерге, жашы алтыдан ашкан балдарга жана 70 жашка чейинки пенсионерлерге жүргүнчү билеттердин баарында 50 пайыздык жеңилдик берилет. Ал эми үч жашар бала жана аны коштоп жүргөн чоң киши кайсы гана транспортто болбосун бекер жүрө алат.

Автобус келген учур жөнүндө ар бир аялдамада жайгаштырылган атайын табло кабарлап турат. Аларда ошондой эле келаткан автобустардын кайсынысында дене мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын көтөргүчтөр бар экендиги маалымдалат.

Иерусалимде да багыттардын ошондой эле электрондук графиги бар, бирок табло күн батареяларына туташтырылган. Мындай аппарат Кыргызстандагы аба ырайына эң сонун туура келет: табло күн түз тийген убакты күтпөстөн дүрмөтсүз бир нече жума бою иштей алат.

Чындап ыңгайлуу транспорт

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Иерусалимдеги коомдук транспорт өзгөчө мактоого татыктуу. Буларда чын эле мыкты жана ыңгайлуу автобустар болгону аз келгенсип, аны чындап ыңгайлуу кыла турган дагы бир нерселери бар. Автобус аялдамага токтогондо салондогу үн кыймылдын номерин жана багытын айтып турат.

Алардын аталышын айдоочу айтып гана тим болбостон, алар транспорттун салонунда орнотулган атайын экрандан да көрсөтүлөт. Ал аталыштар үч тилде: ивритче, арабча жана англисче чыгат. Автобустарда дайыма кондиционерлер иштейт — бул жерде Бишкек тууралуу унчукпай эле койгон жакшы, анткени бизде терезе дагы, салонду жылыткан кыймылдаткыч дагы оңолчу түрү жок.

Буга кошумча катары, эл аралык автобустарда ар бир отургучка орнотулган телефон дүрмөттөөчү USB-порттор аркылуу смартфон дүрмөттөп алса болот.

Аба майданынын кызматына дааратканадан да баа берсе болот

Израилдин Бен-Гурион эл аралык аба майданы дүйнөдөгү эң мыкты 10 аба майданынын катарына кирди. Интернет аба майданынын бардык жеринде бар, мындан тышкары, балдар үчүн жана талабы өзгөчө кишилер үчүн дааратканалар бар. Кызык жери, аба майданынын кызматына дааратканадан да баа берсе болот. Терминалдан чыгып келатканда, узун өткөөлдө башкалаанын конокторун Израиль окумуштууларынын кийинки илимий жетишкендиктери жана ачылыштары тууралуу кооз фотосүрөттөр тосуп алат.

Бетон жана жаздыктар жөнүндө

Сүрөт: Светлана Марголис

Иерусалимдин тургундары отургуч катары бетон жаздыктарды колдонушат. Бул мэрия ишке ашырып жаткан чыгармачыл долбоор. «Отургучтарды» скульптор Смадар Кармели ойлоп тапкан, алардын максаты — жайлуу үй шартында конок тосуп жаткандай жагдай түзүү.

Көчө китепканасы

Сүрөт: Светлана Марголис

Иерусалимдин парктарында китептери бар фургончолор орнотулган. Мындай кичи китепканаларда энциклопедияларды, фантэзи, детектив китептерди — дегеле каалаганыңды тапсаң болот. Ал тургай балдар адабияты боюнча стеллаж да бар. Окуганы китеп алып жатып өз китебиңди калтырып кетсең болот. Мындай китеп алмашуу аптанын 7 күнү бою, 24 саат бою жеткиликтүү.

Бээжин жана Алматы

Дизайнер Руслан Токочев ишке ашыруу зарыл болгон идея тууралуу

Бардыгы жөө өтө ала турган зона

Сүрөт: commons.wikimedia.org

Акыркы убакта Бишкек жандуу өнүгүп келатканы көрүнүп турат: жаңы имараттар салынып, жолдор оңдолуп, тротуарлар коюлуп жатат. Ошондуктан жөө кишилер үчү өткөөл зоналарда мен көзү көрбөгөн же начар көргөн адамдар үчүн сыйпама такталардын пайдаланылышын каалайт элем. Тротуардын ортосунда томпоюп чыгып турган ачык түстөгү такталардын бир сызыгы узатасынан кетсин.

Такталарды басканда көзү көрбөгөн киши аларды буту менен сезип, белгилүү бир багыт боюнча кете берет. Жол айрылыштарды, кесилиштерди, аялдамаларды белгилеш үчүн өзүнүн шарттуу белгилери бар такталар коюлат. Мындай идея дүйнөнүн көптөгөн шаарларында, анын ичинде Бээжин менен Алматыда ийгиликтүү ишке ашкан. Бул идеяны ишке ашыруунун шарапаты менен көзү көрбөгөн же начар көргөн адамдар күнүмдүк турмушка аралаша алышат. Алар шаар достукка бекем, камкор боло баштаганын сезишет.

Негизги сүрөт: commons.wikimedia.org