Бишкектиктер Токмоктогу бөбөктөр үйүнө эки тонна жылуу буюмдарды чогултуп беришти

Бишкектин тургундары Токмоктогу бөбөктөр үйүнө эки тонна жылуу буюмдарды гуманитардык жардам катары чогултуп беришти. Балдарга жылуу буюмдар, гигиена каражаттары жана тамак-аш жөнөтүлдү. Жылуулук 22-ноябрда жиберилди, бирок ыңгайлуу температурага чейин бардык бөлмөлөр жылый элек.

Токмоктогу бөбөктөр үйү башка мамлекеттик мекемелердин карызынын айынан жылытылбай келген. ЖМКдагы материалдардан кийин төрт жашка чейинки 85 бала жашаган балдардын бул социалдык мекемесине жылуулук берилди.

Балдар үйүнө барып келген журналист Юрий Копытин «Фэйсбуктагы» өз барагында батареялар «араң эле жылып жатканын», температура жылыткычтардын эсебинен эле кармалып турганын жазды.

Бөбөктөр үйүнүн директору Татьяна Гринько Kloop.kgге жылуулук начар экенин ырастады. Анын айтымында, жылуулук 22-ноябрда эле берилген, бирок түтүк жарылгандыктан кайра токтотулган.

«Жети жерде [жылуулук] түйүнү жарылып кетти. Батареялар муздап калды. Кийин кайра иштетишти эле — кайра жарылды. Бирок азыр батареялар жылуу», — деди ал.

Гринько балдар азыр «ыңгайлуу шарттарда» экенин, эки бөлмөдө температура мештердин жардамы менен 24 градуска чейин көтөрүлгөнүн, дагы экөө начар болсо да жылытылып жатканын айтты. Аларга балдар киргизиле элек.

Токмоктогу башка социалдык мекемелер сыяктуу эле, бөбөктөр үйүнө «Токмок Жылуулук»  муниципалдык ишканасы «Газпром Кыргызстан» компаниясына карыз болуп калгандыктан бир айдан ашуун убакыт бою жылуулук берилбей турган. Муниципалдык ишкананын карызы 42 миллион сомго жеткен.

Балдардын социалдык мекемесинин башчысы Татьяна Гриньконун айтымында, Бөбөктөр үйү дайыма өз эсебин төлөп келген. Ага башка мамлекеттик мекемелердин карызынын айынан жылуулук жиберилбей калган.

«Биз туташкан буу казанына дагы 18 мамлекеттик мекеме жана менчик үй чарбалары кошулган. Мен карыздын мүнөзү тууралуу, кимиси канча карыз экенин айта албайм. Биздин бөбөктөр үйү тууралуу гана айта алам, биздин карызыбыз жок», — деди ал.

Cүрөт: Сабыр Айылчиев/Вечерний Бишкек