Футбол: Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу жана капитаны планетанын эң мыкты футболчулары үчүн добуш беришти

Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана анын капитаны Ислам Шамшиев ФИФАнын версиясы боюнча жылдын эң мыкты машыктыруучусуна жана футболчусуна добуш беришти.

«ФИФАнын алтын тобу» — жыл сайын мыкты футболчуга бериле турган сыйлык.

Эреже боюнча, улуттук курама командалардын машыктыруучулары жана капитандары, ошондой эле спорттук журналисттер дүйнөдөгү эң мыкты үчтөн футболчуну көрсөтүшү керек.

Өтүп бараткан жылдын мыкты оюнчусунан тышкары, футбол командаларынын эң мыкты машыктыруучулары да аныкталат.

2016-жылдын мыкты оюнчусу деп Александр Крестинин Лондон «Арсеналынын» жана Германия курама командасынын жарым коргоочусу Месут Озилди атады. Курама команданын насаатчысы экинчи орунду португалиялык Криштиану Роналдуга ыйгарды. Крестининдин пикири боюнча, үчүнчү мыкты оюнчу деген атка Каталониялык «Барселонанын» чабуулчусу Лионель Месси ылайыктуу.

Ислам Шамшиев үчилтиктеги биринчи орунду Роналдуга берди. Улуттук курама команданын капитанынын версиясы боюнча, экинчи орунда Лионель Месси, үчүнчү орунда уругвайлык Луис Суарес турат.

Машыктыруучулардын ичинен Крестинин мыктылардын катарына «Манчестер Ситинин» насаатчысы Хосеп Гвардиолду, «Тоттенхэмдин» машыктыруучусу Маурисио Почеттинону жана Мардид «Атлетикосунун» насаатчысы Диего Симеонени кошту.

Ал эми Ислам Шамшиевдин версиясы боюнча үч мыкты машыктыруучу: Хосеп Гвардиола, Зинедин Зидан («Реал Мадрид») жана Фернанду Сантуш (Португалиянын курама командасы).

Мыкты оюнчулар жана машыктыруучулар добуш берүү менен аныкталат, анын 50 пайызы улуттук курама командалардын машыктыруучуларынын жана капитандарынын тандаганынан, дагы 50 пайызы күйөрмандардын добуш беришинен көз каранды.

Финалга чыккан үчөө 2-декабрда айтылат. Ал эми 2016-жылдын эң мыкты футболчусу менен машыктыруучусу 9-январда Цюрихте жарыяланат.

2010-жылдан 2015-жылга чейин «Алтын топту» ФИФА «France Football» басылмасы менен чогуу тапшырып келген. 2016-жылдын сентябрында Эл аралык футбол федерациясы француз журналы менен кызматташтыгын токтоткону белгилүү болду.

2015-жылы  дүйнөдөгү эң мыкты футболчу болуп өз карьерасында бешинчи жолу испан «Барселонасынын» чабуулчусу Лионель Месси таанылган. Ал эми мыкты машыктыруучу катары сыйлыкты каталон клубунун насаатчысы Луис Энрике алган.

Маалымат булагы: Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы

Сүрөт: vesti.ru