Кытай: Бийлик Шинжаңдын тургундарын полицияга өз паспортторун «сактаганы» өткөрүп турууга милдеттендирди

Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном районунун тургундары октябрдан тартып өз паспортторун полицияга «туруктуу сактоого» өткөрүп турууга милдеттүү. Бийлик жаңы эрежени «коомдук тартипти» сактоо жана террорчулук менен күрөш зарылчылыгы менен түшүндүрүүдө.

Кытайдын түндүк-батышында паспорттук режим күчөтүлгөнүн Кытайдын The Global Times басылмасы кабарлады. Эми Шинжаң-Уйгур автоном районунун (ШУАР) тургундарынан өз паспортторун жергиликтүү полиция бөлүмдөрүнө тапшырууну талап кылып жатышат.

Басылма Аксу префектурасынын полициясындагы атын атагысы келбеген маалымат булагына таянат, анын айтымында  префектуранын бардык тургундары өз паспортторун полиция бөлүмдөрүнө тапшырууга милдеттүү. Аймактан башка жакка барыш үчүн ал жакта жашаган адамдар бул туурасында полицияга билдирип, өз паспортун алышы керек.

Үрүмчү шаарынын кытай улутундагы тургуну өз атын атагысы келбестен Kloop.kgге мындай режим 2016-жылдын октябрынан тартып ишке киргенин ырастады. Бирок, маалымат булагынын айтымында, ШУАРдын майда шаарларынын тургундары гана паспортторун тапшырууга милдеттүү.

«Биз тактадык ― биз Үрүмчүдө катталганбыз, биздин [паспортубузду] тапшырышыбыз зарыл эмес экен. Шинжаң провинциясынын майда шаарларынын тургундары көзөмөл үчүн тапшырышы керек экен», — деди маалымат булагы.

Үрүмчүнүн уйгур улутундагы башка бир тургуну өз атын атабастан Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маекте жарандар паспортторун полицияга тапшырууга милдеттендирилгенин ырастады, бирок аки-чүкүсүн тактап айткан жок.

Ал «бийлик Интернеттеги бардык билдирүүлөрдү карап турганын» жана мындай «саясий маселелердин айынан» аны полиция кармап кетиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Шинжаңдагы жергиликтүү аткаминердин сөзүнө таянуу менен The Global Times минтип көзөмөлдү күчөтүү «коомдук тартипти» камсыз кылууга жана террорчулук менен күрөшүүгө багытталганын жазат.

Аткаминер Шинжаңда паспорт алуу башка провинцияларга караганда көбүрөөк убакыт алаарын, анын жол-жобосунун өзү да татаалыраак экенин түшүндүргөн. Ал муну аймактагы террорчулук коркунучуна жана бийликтин жикчилдик менен күрөшүнө байланыштырат.

Аткаминердин айтымында, тургундар каалаган убакта паспортторун кайра алып, өлкөдөн тышкары чыгып кетсе болот. Өлкөдөн чыгуу кылмыш жообуна тартылгандар үчүн чектелиши мүмкүн.

Human Rights Watch укук коргоо уюму бийликтин бул демилгесин жергиликтүү тургундардын эркин жүрүү укугун бузуу деп атады.

Шинжаң-Уйгур автоном району Кытайдын эң туруксуз аймагы болуп саналат. Шинжаңдын тургундарынын негизги бөлүгүн ― 10 миллионго жакын адамын ― негизинен ислам динин тутунган уйгур улутундагы кишилер түзөт.

Уйгур жикчилдери көз каранды эмес Чыгыш Түркстан мамлекетин түзүш үчүн күрөш жүргүзүп келатышат. Кытай бийлиги уйгурларды көп учурда күрөштүн зомбулук ыкмаларын колдонуу үчүн айыптап, жапырт камакка алууда.