Футболчу Самуэль Это’О 10 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн

Испан прокуратурасы футболчу Самуэль Это’Ону салыктан качкандыгы үчүн айыптады. Аны 14 миллион евро өлчөмүндө штраф жана 10 жарым жылдык түрмө күтүп турат.

Прокуратуранын кабары боюнча, камерундук оюнчу 2006-жылдан 2009-жылга чейин испан казынасына үч жарым миллион еврону төлөбөй жымырып калган. Ал жылдары футболчу каталониялык «Барселона» үчүн ойноп жүргөн.

Кийин билингендей, көрсө бул Это’Оун спорттук кийим чыгарган «Puma» фирмасы менен түзгөн контракт үчүн макулдашылган сумманын бир бөлүгү экен. Спорттук бренд менен болгон контракт үчүн өнөр акыны, тергөө ырастагандай, спортчу эки жасалма фирмага которуп, испан мыйзамдарын айланып өткөн.

Камерундук өзү алдамчылыкка тиешеси бар экенин танып, баарына өзүнүн мурдагы агенти Хосе Матуну күнөөлөп чыкты.

Азыр Самуэль — Камерундун тарыхындагы эң мыкты чабуулчу, түрктөрдүн «Антальяспор» клубу үчүн ойнойт.

Лионель Месси беш миллион евро өлчөмүндө салык төкпөй койгон. Сүрөт: YouTube.

Испан полициясы акыркы убакта абдан жанданып, салыктан качкандарга кадимкидей согуш жарыялады.

Жакында эле дагы эки футболчу — Лионель Месси менен Неймар да ушундай абалда калышты.

Испан казынасына беш миллион евро төлөбөй койгон Мессинин иши бир нече жылдан бери созулуп келатат. Футболчу 10 миллион евро штраф төлөдү.

Неймар бразилиялык инвестициялык компанияны атайылап алдаганы үчүн аны эки жылдык түрмө күтүп турат. Сүрөт: FC Barcelona.

Бразилиялык Неймар анын күчүн «Барселона» «Сантостон» сатып алып жатканда атасы экөө бразилиялык инвестициялык компанияны атайын алдашканы үчүн аны эки жылдык түрмө күтүп турат.

Испан полициясы салыктан качкандардын сары изине түшүп алганын деле түшүнсө болот — салык шылуундарынан Испаниянын тарткан зыяны өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 23 пайызын түзөт. Бул көрсөткүч Евробиримдиктин кайсы өлкөсүнөн болбосун көп.