Собянин: Кыргыз мигранттары Москванын «коопсуздугун күчөтпөйт»

Москванын мэри Сергей Собянин кыргыз мигранттары Орусиянын башкалаасынын «коопсуздугун күчөтпөй тургандыгын» билдирди. Ал полицияны жана кошуундардын мүчөлөрүн мыйзамсыз миграцияны токтотууга үндөдү.

Собянин мындай пикирин 28-ноябрда укук бузуунун алдын алуу маселелери боюнча жалпы шаардык кеңешмеде билдирди — бул тууралуу «Интерфакс» кабарлайт.

Ал айрыкча ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, атап айтканда, Кыргызстандан келген мигранттарга көңүл бурду — ал кыргыз мигранттары Москванын «коопсуздугун күчөтпөй турганын» айтты.

«Интерфакс» Собяниндин сөзүнө таянуу менен Кыргызстандан барган мигранттар эмгек мамилелерин тууралаштырбай, салык төлөбөй, көп учурда санитардык шарты жок өнөр жай зоналарында жашап жатышканын кабарлайт.

«Ошондуктан Орусиянын өкмөтү менен чогуу биз бул маселени мыйзам чыгаруу аркылуу чечүүнүн жолун издеп жатабыз», — деп билдирди Собянин.

Мэр москвалыктар бийликтен миграция жаатында тартип орнотууну талап кылганын көрсөткөн коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарын жүйө тартты.

«Ар кандай баа боюнча азыр мигранттардын 40 пайызынан ашыгы шаарда мыйзамсыз иштеп жүрөт. Биринчи иретте бул Москвада вахтачылар деген атка конуп иштеп жүргөн, Орусияда 90 күндөн азыраак жашаган, ошондуктан каттоодон өтпөгөн кишилерге тиешелүү», — деди Москванын мэри.

Ал Москванын полициясынан кошуундар менен бирге Москвадагы мыйзамсыз миграциянын бетин ачуу жана токтотуу боюнча комплекстүү иш-чараларды өткөрүүнү өтүндү.

Собяниндин айтымында, Москвада миграциялык мыйзамдар бузулган учурлар кыйла азайды. «Бүгүн ИИМ бир-эки жыл мурдагыга салыштырмалуу мигранттарга өлкөдөн чыгарып жиберүү же өлкөгө кирүүгө тыюу салуу сыяктуу чараларды азыраак көрөт», — деди ал.

«Бирок албетте, эң маанилуу натыйжа — мигранттар арасындагы кылмыштуулуктун бир топ, 30 пайызга чейин азайышы болду», — деди шаар башчы. Анын айтымында, мурда Москвадагы мигранттардын үлүшүнө бардык кылмыштардын жарымынан көбү туура келчү.

«Жалпысынан жана негизинен, Москва мындан ары мигранттар үчүн тепсенди короо болбой калганын айтса болот, бирок ошого карабастан, биз миграцияны жөнгө салуу маселелерин көз жаздымда калтырууга акыбыз жок», — деди Собянин.

2016-жылдын январына карата расмий маалыматтар боюнча, Орусияда 550 миңден ашуун кыргызстандык иштейт.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенине байланыштуу 2015-жылдын августунан тартып кыргыз мигранттары ишке уруксат алышынын зарылчылыгы жок. Бул Кыргызстандан Орусияга барган мигранттарды көбөйтүп, алардын атаандаштыкка туруктуулугун арттырды.