Караколдогу зоопарк: Мындан аркы каржылоо жөнүндө сүйлөшүүлөр башталды

«Бугу-Эне» фонду жана Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Каракол зоопаркын каржылоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Фонддун президенти Салтанат Сеитованын айтымында, маселе жакын арада чечилиши мүмкүн.

«Бугу-Эне» коомдук фондунун президенти Салтанат Сеитова Kloop.kgге зоопаркты каржылоону улантуу жөнүндө Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен сүйлөшүү башталганын кабарлады.

Анын айтымында, агенттик зоопарктын муктаждыгына керектүү калган сумманы төлөп берүүгө убада берди.

«Бизге каржылоо улантылат деген убада беришти. Бирок азыр тымтырс. Мамлекеттик агенттиктин директору өзү зоопаркка келди, азыр чатак жөнгө салуунун алдында турат. Бүгүн биз өзүбүз жактан келишимге кол койдук, жакында баары өз жолуна түшүп, бизге акча которулат деп үмүт кылабыз», — деди ал.

Анын айтымында, ал зоопарктын кызматчыларына айлык төлөп, айбанаттарга керектүү тамак-ашын сатып ала алат.

«Чөп жегендерине биз бир жылдык тоютун камдап койгонбуз, ал эми жырткычтары үчүн күн сайын эт, дагы башка түрлөрү үчүн жер-жемиш сатып алыш керек. Аларга сактаганыбыз эки-үч жумага жетмек. Эгерде бул маселе ийгиликтүү чечилсе, биз жыл аягына чейин аларды бардык зарыл нерселер менен камсыз кыла алабыз», — деди ал.

Отчёт берилген эмес

Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик агенттик зоопаркты каржылоо мекемеге каржылык отчет өз убагында келип түшпөгөндүктөн токтотулганын билдирди.

Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, «Бугу-Эне» фондунун өкүлдөрү 4,5 миллион сомдук каржылоо тууралуу өтүнмө менен кайрылышкан. Суралган каражатты мамлекеттик агенттик бекитип, каржылап берген.

Келишим боюнча «Бугу-Эне» фонду акчанын пайдаланылганы тууралуу документтердин көчүрмөсүн берген эмес.

«Мамлекеттик агенттиктегилер “Бугу-Эне” КФнын президенти Салтанат Сеитова жаратылышты коргоочу органга мындан аркы каржылоо маселеси боюнча кайрылбаганын белгилешти. Иштиктүү сүйлөшүүнүн ордуна ал ЖМКда мекемени күнөөлөп чыккан», — деп жазат «Вечерний Бишкек» басылмасы.

Сеитова Kloop.kg менен болгон маекте отчёт тапшыруунун так датасы контрактта көрсөтүлбөгөнүн айтты.

«Отчёттуулукту биз кечиктирген жокпуз. Келишимге ылайык анын мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес, демек бул акчанын өздөштүрүлүшү боюнча отчёт жыл аягында тапшырылат дегенди билдирет. Отчётту биз кечиктирген жокпуз, анткени жыл аяктай элек. Ал эми эгерде алар аны эртерээк алгысы келген болсо, анда бизге ал тууралуу эч кандай маалымдама келген эмес», — деди ал.

Зоопарктагы айбанаттар ачкачылык алдында

Зоопарк акча каражаттарын үч каржы булагынан — «Кумтөр» алтын казуу корпорациясынан, Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктен жана NABU уюмунан (Германиянын Жаратылышты коргоо бирикмеси, Кызыл китепке кирген жаныбарларды багууга акча бөлөт) алат.

2016-жылдын ноябрынан тартып мамлекеттик агенттик Кыргызстандагы бирден бир зоопаркты каржылоону токтотуп койгон.

35 түрлүү 150 жаныбар тамак-ашсыз калышы мүмкүн болчу.

Караколдогу зоопарк 1987-жылы курулган. Бирок Советтер Союзу кулап калгандыктан курулуш токтоп, зоопарктын өнүгүшүнө көңүл бурулган эмес.

2013-жылдан тартып Караколдогу зоопарк «Бугу-Эне» коомдук фондунун балансына өткөрүлүп берилген.

Сүрөт: «Бугу-Эне» фонду

ТЕМА БОЮНЧА:


Каракол зоопаркындагы айбанаттар ачкачылык алдында турушат. Эмне белгилүү?