Бишкектеги ОРВО: Жети мектепке карантин киргизилди, дарыгерлер жумасына алты күн иштеп жатышат [+ ооруганда эмне кылыш керек]

SANYO DIGITAL CAMERA

Бишкек дарыгерлери ОРВО менен ооругандар көбөйүп баратканына байланыштуу алты күндүк иш тартибине өтүштү. Жети мектепте карантин жарыяланды. Саламаттык сактоо министрлиги оору сезондук болгондуктан эпидемия тууралуу жарыя кылганга азырынча эрте деп эсептейт.

Саламаттык сактоо министрлиги ноябрда оор вирустук респиратордук оору (ОРВО) күч алганын белгиледи. Бирок оорунун күч алышы сезонго мүнөздүү болгондуктан жалпы карантин жарыяланбайт.

Бишкек мэриясы азыр шаарда ОРВОдон 10 миңден ашуун киши жабыркап жатканын билдирди. Ооругандардын 60 пайызынан ашыгы — 14 жашка чейинки балдар. Саламаттык сактоо министрлигиндегилер эпидемия тууралуу айтууга азырынча эрте экендигин, анткени оорунун жайылышы белгилүү чектен аша элек экенин айтышты.

«Бүгүнкү күндө эпидемиялык чек өтүлө элек жана ооругандар менен тез жардам чакыргандар көбөйгөнүнө карабай, бул эпидемия жүрүп жатат деген сөз эмес. Азырынча оорунун сезондуу күчөшү гана белгиленүүдө», — деди Kloop.kgге Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова.

Бишкектин дарыгерлери кырдаал курчуп кеткендиктен алты күндүк иш режимине өтүштү. Мындан тышкары, жекшемби күндөрү 9:00дөн 15:00гө чейин үй-бүлөлүк дарыгерлердин күзөтү уюштурулат. Вирустук оорулардын эпидемиологиялык сезону бүткүчө дарыгерлер ушундай график менен иштей беришет.

Тез жардам станциясына күн сайын ОРВОнун өтүшүп кетишине байланышкан 100дөй чакыруу келет.

Тез жардамдын борбордук станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов азыр ОРВО күчөп жатканын ырастады.

«Чакыруу көп түшүп жатат, биз аларды каттап, Санэпидкөзөмөлгө жана Саламаттык сактоо министрлигине эсеп үчүн жөнөтүп турабыз. Бирок азырынча ооругандардын көбөйүп кетиши дал сезондук оорлошуу менен байланыштуу. Оору өтүшүп кеткен учурларда дарыгерлер чакырык боюнча барып жатышат», — деди ал.

Педиатр Бурул Рыскулбекова Kloop.kgге ОРВО менен биринчи иретте иммунитети начарлаган кишилер ооруй турганын айтты.

«Эгерде организмдин алы жок, өнөкөт оорулары бар болсо ОРВОнун айынан бронхит, пневмония, жүрөктүн неокардини сыяктуу оорулар күчөп кетиши мүмкүн. Ал эми өтө татаал өнөкөт оорулары болбосо, адатта суук тийүү беш-жети күндөн кийин кесепети жок эле өтүп кетет», — деди ал.

Рыскулбекованын айтымында ОРВОнун өтүшүп кетишине байланыштуу негизинен жаңы конуштардын жашоочулары кайрылып жатышат.

«Алардын үйлөрү анча жайлуу болбогондуктан, жылытылбагандыктан, ысык суу жана башка шарты жоктугунан улам аларга көп суук тийет, алар адегенде үйүндө дарыланып же ооруну карабай коюшат, ошондуктан өтүшүп кеткен учурлар болот. ОРВОдо, айрыкча балдарга суук тийсе, сөзсүз дарыгерлерге кайрылыш керек», — деди ал.

Жети мектептеги карантин

Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору өткөн жумада ОРВОнун күч алышы боюнча 34 мектепти текшерип чыкты.

Мекеменин адистери №6, №12, №22, №28, №40, №57, №79 мектептерде окуучулардын 30 пайыздан ашыгы ОРВО менен ооруп калып, сабакка келбей жатышканын аныкташты.

Мамсанэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов бул мектептердеги окууну беш күнгө токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

«АКИпресс» маалымат агенттигинин кабарына караганда, 2-декабрда Бишкек мэриясынын алдындагы координациялык комитеттин отурумунда мектептердеги ОРВОнун жана сасык тумоонун алдын алуу боюнча мындан ары чара көрүү маселеси каралат.

ОРВО менен ооруганда эмне кылыш керек?

ОРВО — өзү айыга турган оору.

Антибиотиктерди колдонууга болбойт, анткени вирустук ооруга каршы алардын таасири жок. Тез жардамдын дарыгерлери балдарга ацетилсалицил кычкылдыгын (аспиринди) берүүгө да болбой тургандыгын белгилешүүдө.

Айрым учурларда антибиотикти педиатр же терапевт гана дайындай алат.

Эти ысыган балдар жеңил кийиниши керек. Аларды жылуу ороп-чулгаганга таптакыр болбойт.

Дарыгерлер ысыкты түшүрүүчү күчсүз дарылар менен жана бөлмө температурасындагы сууну бат-баттан сүртүү менен дененин табын түшүрүүгө кеңеш беришет.

Ысык түшүрүүчү дарыларды, мурундун бүтүшүн жеңилдете турган тамчылар менен спрейлерди, жөтөлгө каршы микстуралар менен кайнатмаларды колдонсо болот.

Ооруп калган учурда суюктукту: ширелерди, морсторду жана малина, бал же лимон кошулган жылуу чайды көп ичиш керек. Оору учурунда күнүнө 3-4 литр суюктук ичип туруу зарыл.

Оорунун биринчи күнүнөн тартып төшөк режимин сакташ керек. Эгерде жогоруда сөз болгондордун баары жардам бербесе, дарыгерге кайрылган оң.

Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун даректери:

  • №1 ҮМБ — Фучик көч., 15;
  • №2 ҮМБ — 3-я Линия көч., 25;
  • №3 ҮМБ — Жибек Жолу проспекти, 495;
  • №4 ҮМБ — Ибраимов көч., 181;
  • №5 ҮМБ — Көлбаев көч., 42;
  • №6 ҮМБ — Жукеев-Пудовкин көч., 83;
  • №8 ҮМБ —Чүй проспекти, 40;
  • №9 ҮМБ — Курманжан датка көч., 109а;
  • №10 ҮМБ —Бөкөнбаев көч., 61;
  • №11 ҮМБ — Киев көч., 154;
  • №12 ҮМБ — Кривоносов көч., 206б;
  • №13 ҮМБ — Токтогул көч., 250;
  • №14 ҮМБ — Наманган көч., 28;
  • №15 ҮМБ – 6-кичирорайон, №1;
  • №16 ҮМБ — Панфилов көч., 4;
  • №17 ҮМБ — Чоң-Арык айылы, Семетей көч., 152;
  • №18 ҮМБ — Тыныстанов көч., 1;
  • №19 ҮМБ – 5-кичирайон, №16/1.