ОшМУдагы студенттин өлүмү: Ким күнөөлүү жана эмне жыйынтык бар?

ОшМУдагы медициналык факультетте окуган индиялык студенттин өлүмүнүн натыйжаларынын бири декандын кызматтан кетиши болду. Студенттердин бир бөлүгү муну калыстыктын жеңиши катары баалашат, башкалары окутуучу чынчылдыгы жана сатылбастыгы үчүн кызматтан алынды деп эсептешет.

ОшМУнун студенттери 13-ноябрды чет өлкөлүк студенттер өз курсташы Субхам Бангравды эскерип митинг өткөргөн күн катары эстеп калышты. Ал ооруканада төрт күн жаткан соң 12-ноябрда мээсине кан куюлуп кетип дүйнөдөн кайткан.

Митингде студенттер университеттин жетекчилигине бир катар талаптарды коюшкан — анын ичинде ОшМУнун медициналык факультетинин деканы Роман Калматовду кызматтан кетирүүнү да өтүнүшкөн. Алар аны Бангравдын өлүмүнө тиешеси бар деп эсептешкен, анткени алардын айтымында декан студентти Индияга дарыланууга жибербей койгон.

Түштүк Азиядан келип окуп жаткан студенттердин Оштогу эскерүү митинги.

Митинг натыйжа берди — 14-ноябрда Калматов өзүн декандын кызматынан бошотуп коюуну өтүндү.

Kloop.kg менен болгон маекте ал өзүн Бангравдын өлүмүнө күнөөлүү деп эсептебей турганын айтты. Анын сөзү боюнча, ал чатакты ырбатпаш үчүн эле кетип калган.

Анын айтымында, университет студенттин абалы үчүн жоопкерчилик тартпайт жана окуу жайынын жетекчилиги анын оорусу туралуу билген эмес.

«Университет Кыргызстандын жарандарына болобу, чет өлкөлүк жарандарга болобу, баарына сапаттуу билим берүүгө милдеттүү. Ал эми алардын [студенттердин] ден соолугунун абалы жана аларды медициналык жактан тейлөө боюнча айта турган болсок, университеттин андай милдети жок», — деди ал.

Ал Банграв ооруканага жаткырылгандан тартып андан күн сайын кабар алып турганын, бейтаптын абалын байкаган медициналык кызматкерлер менен байланышта болгонун айтты.

ОшМУнун медициналык факультетинин мурдагы деканы Роман Калматов.

«Субхамдын оор абалы тууралуу белгилүү болоору менен мен Бишкектеги Индия элчилигине кат менен кайрылдым. Мен аларга студенттин башынан өтүп жаткан кырсык боюнча кабар берип, Индиянын Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык авиациясын студентти мекенине тез жеткириш үчүн бөлүп берүү жагынан жардам берүүнү сурандым. Бирок жооп болгон жок», — деди ал, Kloop.kgнин журналисттерине электрондук катты көрсөтүп.

Калматов студент жарандык авиациянын кадимки учактары менен өлкөдөн чыгып кете турган абалда болбогонун айтты. Ага кайсы бир жакка баратканда жолду катар өзгөчө шарттар талап кылынмак.

Бангравдын жердештери аны Индияга тез арада алып кетүүнү талап кылышкан.

«Облустук оорукананын дарыгерлери эгерде анын ата-энеси баласын ооруканадан чыгарып кетүү үчүн жоопкерчиликти толугу менен өз мойнуна алган кайрылуу-кат жиберишсе, аны кое берсе болоорун айтышты. Бирок андай кат келген жок», — деди мурдагы декан.

Калматов студенттердин саламаттыгы үчүн Ошто чет өлкөлүктөрдү окутуу менен алек болгон компания жооп берээрин айтты.

«Биз чындыгында Индиядан, Пакистандан жана башка өлкөлөрдөн бизге кандай абалдагы студенттер келээрин билбейбиз», — деди мурдагы декан.

«Компания күнөөлүү»

Индиялык студенттердин бир бөлүгү Бангравдын өлүмү үчүн чет өлкөлүк студенттерди Ошко окууга алып келген компания да жооптуу деп эсептейт.

Алардын айтымында, фирма менен абитуриенттердин ортосунда түзүлгөн контракттын алкагында тейлөөнүн толук пакети — билет сатып берүү, турак-жай жана котормочу бөлүп берүү, документтерди тууралаштыруу үчүн студенттер 6 миң доллардан 10 миң долларга чейин төлөшөт.

Эскерүү митингине 200дөн ашуун студент катышты.

«Кыргызстанга окууга келээрде баарыбыз бул жерде жашап, окуй алышыбызга көз жеткидей кылып бардык зарыл анализдерди тапшырышыбыз керек. Компания анализдердин жыйынтыгы канааттандырарлык болсо гана чет өлкөдөн окуу тууралуу биз менен келишими түзүшү керек», — деди атын айткысы келбеген студент кыз.

Бирок анын айтымында Индиядан Кыргызстанга келген студенттердин көпчүлүгү ал анализдерди тапшырбайт. Ал чет өлкөлүк студенттерди алып келген менчик фирмалар эмне үчүн бул шартты аткарбай жатышканын билбейт.

Мухаммад Вассим менен Бхупендра Кумар Магарде Оштогу ошондой компаниялардын биринде иштешет. Алар студенттердин сөзүн төгүнгө чыгарышты.

«Индиядан келген ар бир жаран саламаттыгынын абалы тууралуу корутундуну көрсөтүшү керек. Кыргызстандын ТИМи да башка документтер — паспорт жана окууга чакыруу менен катар ошондой корутундуну талап кылат. Андай документ болбосо биз индиялык студенттердин баарына, анын ичинде маркум Субхам Бангравга да виза алып бере алмак эмеспиз», — дешти алар.

Деканды «оппортунисттер кызматтан түшүргөн»

Калматов декандын кызматынан кеткен соң студенттердин бир бөлүгү окутуучуну курмандык деп эсептеп, аны коргоп чыгышты. Алардын пикиринде, факультетте ден соолугу начар студент окуп жүргөнүнө ал күнөөлүү эмес.

«Бир нече митаам, өзүн өзү шайлап алган [студенттик] жетекчилер доктор Калматовду кызматтан түшүрүүнүн чабуулун жана стратегиясын пландаштырып, ал башка кишиге алмаштырылганга чейин мөөнөтсүз окуу таштоону баштап жиберишти. Алар оппортунист болуп чыкты. Акылга салып ой жүгүртүп, иштиктүү талкуу жүргүзүүнүн ордуна алар сүрмө топту күнөөсү жок деканга каршы тукуруп туруп алышты», — деп жазды «Фейсбуктагы» баракчасында алтынчы курстун студенти Бойкунта Хазарика.

Kloop.kg менен болгон маекте Хазарика студенттер Калматовду декандыктан кетирген себеби — ал «пара албайт» жана аны менен «сүйлөшүп алууга мүмкүн эмес» деп божомолдоду.

«Анын тушунда акча үчүн жакшы баа коюу жөнүндө сүйлөшүп алууга мүмкүн болбой калды. Ал модулдарды, чегеримдерди жана экзамендерди тапшыруунун компьютердик системасын киргизди. Биз тест убагында канча [балл] алсак, ошого жараша баа алчубуз. Мугалимдер да автоматташкан системага таасир эте алышчу эмес. Ошонусу менен ал билимине эмес, "келишимине" жараша тапшырып көнүп алган студенттерге жакпай калды», — деди Хазарика.

Факультеттин окутуучулары ректор Каныбек Исаковго кайрылуу жазып, Калматовду кызматына калыбына келтирүүнү өтүнүштү, анткени алар мурдагы деканга каршы дооматтарды негизсиз деп эсептешет.

Декандын тарапкерлерине кысым

Калматов кызматтан кеткен күнү медициналык факультеттин айрым студенттери жана окутуучулары коомдук түйүндөрдө аны колдоп пикир жазышты.

«Биз нааразыбыз. ОшМУнун ЭМФ [эл аралык медициналык факультетинин] деканы Калматовду кызматына кайра алып келүүнү өтүнөбүз», — деп жазды студент Нажмиддин Койчукулов.

Студенттер деканды колдоп чыгышты.

Анын жазуусу ОшМУнун медициналык факультетинин студенттеринин арасында кеңири тарап, алар аны комментарийлеринде колдоп чыгышты. Бирок кийинки күнү Койчулуков баштапкы жазуусун өчүрүп, аны «Мен сени сүйөм, Кыргызстан!» деп алмаштырды.

Kloop.kgнин редакциясы бул студент менен байланышканда, ал маектешүүдөн баш тартып, кайсы бир «көрсөтмө» жөнүндө кеп кылып, окуусун «тынчыраак» бүтүп алгысы келгенин кошумчалады. Студент ага ким ошондой көрсөтмө бергенин айтуудан баш тартты.

Студент Нурлан Нуркулов «Фэйсбукта» мурдагы деканды колдогондорго кысым көрсөтүлүп жатканын жазды. Опузалардан улам алардын бир топтору Калматовду колдогон жазууларын өчүрүп салышкан.

«Коомчулукка кабарлап калайын, сүйүктүү каражаттар, ыкмалар — тааныштарына кысым көрсөтүү, опузалар колдонула баштады, тилекке каршы, көз каранды кишилер Интернеттеги жазууларын өчүрүп киришти», — деп жазды ал.

Атын айткысы келбеген студенттер Kloop.kgге деканды колдогусу келгенин жана анын кайрылышын каалашаарын, бирок коркуп жатышканын айтышты. Алардын маалыматы боюнча, Калматовдун тарапкерлерин Оштогу УКМКнын кызматкерлери маектешүүгө чакырышууда.

УКМКнын Оштогу бөлүмүндөгүлөр Kloop.kgге студенттер менен андай «маектешүү» болгону тууралуу эч нерсе билбесин айтышты.

«Биз ЖМК менен сүйлөшүүгө укугубуз жок. […] Биз ал тууралуу [күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин студенттер менен маеги тууралуу] уккан эмеспиз», — деди атын атагысы келбеген кызматкер аял.

Декан кызматтан кеткенден бир жума өткөн соң Калматов өзүн колдогон студенттерге, окутуучуларга жана Оштогу коомчулук өкүлдөрүнө «Фейсбуктагы» баракчасынан кайрылды. Ал өз кайрылуусунда аларга колдоо көрсөткөнү жана өзү жасаган иштер тууралуу жазышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен өз пикирин айтып, жагдайды сүрөттөп, жасалган иш тууралуу толук жазып чыкканга убакыт тапкандардын ар бирине жана баарына абдан чоң ыраазычылык билдирип башымди ийем. Мен өзүм да мынчалык чоң колдоо күткөн эмес элем», — деп жазды ал.

Азыр мурдагы декан факультетте, бирок патофизиология боюнча окутуучу катары ишин улантып жатат.

Авторлошу: Дастан Үмөттегин