ЖМК: УКМК коомдук түйүндөрдү колдонуучуну Атамбаевге карата сатира үчүн суракка алды

Ысык-Көл облусунун тургуну Жоомарт Жамгырчиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү аны «Фейсбуктагы» «МУРЧ» сатиралык баракчасына «тиешеси» үчүн суракка алышканын айтты.

Жамгырчиев президент Алмазбек Атамбаевге жана башка аткаминерлерге карата сатирасы менен белгилүү болгон «Фэйсбуктагы» «МУРЧ» барагына тиешеси бар деп андан УКМКнын кызматкерлери шектенип жатышканын Super.kg басылмасына айтып берген.

Анын айтымында, атайын кызматтардын өкүлдөрү анын өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүн баракчада жарыяланган сүрөттөр алардын IP-дареги менен байланышканы үчүн суракка чакырышкан.

«Баарыбыз ал баракча менен байланышыбыз жок деп түшүнүк кат жазып бердик. Кечээ мени УКМКнын Каракол бөлүмүндө кайрадан 3-4 саат кармап отурушту», — деген Жамгырчиев Super.kgге.

Колдонуучунун айтымында, Канат Табалдиев аттуу УКМКнын кызматкери ал оппозицияны колдой тургандыгын айткан. Жамгырчиев «Мен оппозициядагы адамдардын жаңылыктарын окусам эле алардын оюн колдогон болбойм да» деп жооп берген.

«Президенттин деле баракчасына жазылгам, аны эмнегедир айткан жок. Өзүм банкта иштейм, бийликти жамандагандын мага пайдасы жок», — деген ал.

Жамгырчиев үйүндө «Кыргызтелекомдун» Wi-Fiын колдоноорун айткан. Ал «МУРЧ» баракчасына эле эмес, оппозициянын башка өкүлдөрүнүн баракчаларына да жазылганын билдирген.

Материал жарык көрүп жатканда УКМКнын басма сөз кызматы комментарий алгыдай жеткиликтүү болгон жок.

«Фейсбуктагы» «МУРЧ» барагы Атамбаевди жана башка бийлик өкүлдөрүн такмазалаган комикстерди көп чыгарат. Мисалы, баракча президентти унитазда отурган түрүндө же чүпүрөк түрүндө көрсөтүшү мүмкүн.

Азыр «МУРЧка» алты миңден ашуун киши жазылган. Баракчанын администрациясы азырынча бул жаңылык тууралуу эч нерсе билдире элек.

Мурда президентти колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан шайланган парламент депутаты Ирина Карамушкина УКМКны коомдук түйүндөрдөгү президентке каршы сын пикирлерге көз салууга үндөгөн.

УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков УКМК реакция кылып, байкоо жүргүзүп, аныктап, Башкы прокуратурага өткөрүп берээрин айтып жооп берген.