Кыргызстандагы жападан жалгыз Мөңгүлөрдү мониторинг кылуу боюнча борбордун кызматкерлери жылкылар менен жылып жүрүшөт. Ар дайым эле өздөрүнө керектүү болгон шаймандарды алып жүрүшпөйт. Апталап жарыксыз, телефондорсуз жана сырткы дүйнө менен байланышы жок жашап күн өткөрүшөт. Бирок алар ишин таштап кетүүгө ашыгышпайт.
Материалдын түп нускасы «Настоящее времянын» сайтында жарык көргөн.
Кыргызстанда эки үй бүлө изилдөө иштери менен алектенип, мөңгүнүн эришине көз салуу үчүн көчүп кеткенине быйыл он жыл болот. Муздун арасындагы оор шарттарда туруктуу жашоо кыйын, ошондуктан алар ай сайын нөөмөт менен иштешет.
«Балдарды окууга жөнөтүү кыйын. Ошондуктан аларды чоң эне, чоң атасына жөнөтөбүз. Эгер бул жерде ооруп калса, дарыгерди чакыра албай калабыз деп коркобуз - бул жерде байланыш жок», - деп сүрөттөйт Аида Алакеева мөңгүнүн арасындагы жашоосун.
Илимий станциядан жакынкы айылга чейинки жол жай мезгилинде да бир нече саатты алат. Кышында болсо станциянын жашоочулары «чоң жерден» толугу менен бөлүнүп калышат. Бирок ыңгайсыздыктарга карабастан алар илимий станцияны таштап кетүүгө ашыгышпайт.
Мөңгүгө барардан мурда Тянь-Шандагы илимий борбордун кызматкерлери түндөсү шаймандардан соңку маалыматтарды алышат. Метеокөрсөткүчтөрдү алар өзүнчө белгилеп коюшат, анын мааниси көп нерсени чечет – тумандын жыштыгы, шамалдын ылдамдыгы.
Илимпоздор таң эрте жолго чыгышат. Илимий станцияга жөө жетүү үчүн алар он километрди басып өтүшү керек.
«Бул биздин мөңгүдөгү үйүбүз. Бийиктиги 3200 метр. Эгер жылбасаң, тоңуп калуу кеп эмес, – дешет гляциологдор. – Кышта бороон, кар, кыйын. Аттар баспай койгондо, өзүбүз жөө кетебиз».
Иш шарттары – өтө оор. Баарын, керек болсо бетти сакташ керек.
Тоо станциясында иштеген гляциологдордун тапшырмаларынын бири – кар менен муздун пробаларын чогултуу:
«Мына, өүңөр көрүп турасыңар: бул кардын салмагын өлчөгүч, же болбосо эл ичинде айтылгандай «стакан». Чекелерин тазалап, толтурабыз», – деп көрсөттү изилдөөчүлөрдүн бири.
Бардык топтолгон көрсөткүчтөр Илимдер академиясына жөнөтүлөт. Ал жакта изилдөөчүлөр карашат: тоо мөңгүлөрүндө суунун деңгээли канчалык түшүп кеткенин жана климаттын кантип өзгөрөөрүн айтышат.
«Көпчүлүгүнүн айтымында, мөңгүлөрдүн көлөмү азайып кеткен. Бирок баарын эле уга берген болбойт. Суроолорго жооп берүү үчүн биз өзүбүз өлчөп, байкоо жүргүзөбүз», – деп айтып берди гляциологиялык станциянын жетекчиси Бакыт Эрменбаев.