Жалал-Абаддын АШКсы КСДПнын талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарды

Жалал-Абаддын АШКсы КСДП партиясынын бардык депутаттарын жергиликтүү кеңешке шайлоого катышуудан четтетти. Ага документтердин туура эмес толтурулганы себеп болгон. БШКдан кабарлашкандай, АШКнын өзүндө каттоо боюнча ката кеткендиктен депутаттар шайлоого катыша алышат.

Жалал-Абаддын аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) КСДП партиясын шайлоого катышуудан четтеткен. Анткени, АШКнын билдиришинче, гендердик баланс сакталбай, депутаттар тарабынан документтер туура эмес толтурулган.

Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) берген маалыматына ылайык, каттоо катачылыгы АШКнын өзүндө болгон. КСДПнын депутаттары жергиликтүү кеңешке шайлоого катыша алышат, Жалал-Абад АШКсына өз кызматкерлеринин «ээлеген кызматына ылайыктуулугу» маселесин кароону сунушташкан.

«Каттоо катачылыгы Жалал-Абаддагы АШКнын өзүндө болгон. КСДПнын Жалал-Абаддагы депутаттары тизмеден чыгарылбайт, жакынкы аралыкта бул маселе чечилет», — деп билдирди Kloop.kgге БШКнын басма сөз борборунун кызматкери Айболот Айдосов.

Жалал-Абаддагы комиссия бир сутканын ичинде мыйзам бузуу боюнча далилдерди көрсөтпөгөндүктөн БШК АШКнын чечимин жокко чыгарды.

КСДПнын депутаттары «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» жана «Ата-Журт» саясий партияларынан Боршайкомго келип түшкөн арыздын негизинде шайлоого катышуудан четтетилген болчу.

Алардын арыздарын карап АШК КСДПнын депутаттары тарабынан гендердик баланс сакталбай, документтердин толтурулушунда катачылык кеткен деген токтом чыгарган. АШКнын мүчөлөрү 2-декабрда кезексиз өткөрүлгөн отурумда социал-демократтардын шайлоого катышып жаткан тизмесин жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Сүрөт: Азаттык