«Азаттык»: Ураган имаратта иштеген дарыгерлер

Ала-Бука районундагы ооруканалардын биринде дарыгерлер жараксыз имаратта иштегенге аргасыз. Себеби жөнөкөй эле оорукананы көчүрө турган жер жок.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Саламаттык сактоонун алдыңкы кызматкери, улук мээрман айым Бактыгүл Тагаева опурталдуу жагдайына карабастан, 38 жылдан бери ооруканада иштеп келатат:

— Өмүрүбүздөн кооптонобуз, бирок бардыгына акча керек. Кооптонобуз деп ишке келбей коюшубуз керекпи? Ишке келишибиз керек. Ар бар адам өзүнүн ставкасын иштеп кетет. Өлсөк өлө беребиз да. Эмне кылабыз? Көп комиссиялар келгенде бизге келбейт. Себеби муну бузууга кеткен дейт дагы, көп адамдар «аа, бузууга кеткен» деп кете берет. Бирок ушул «бузулган» имараттын ичинде мен 38 жылдан бери иштейм.

Дубалдары көчө баштаган бул имаратта психиатрия, педиатрия, рентген-лаборатория бөлүмдөрү бар. Жараксыз имаратта дарыгерлер күн сайын миңден ашуун бейтаптарга кызмат көрсөтүшөт. Дарыгерлер жараксыз имаратты жыл сайын өз эсебинен оңдотушат. Бактыгүл Тагаева алар бул имаратта өздөрү иштеген үчүн колдоо көрсөтүп келатышат деп эсептейт:

— Дубалдар көчүп жатат. Ичин бардыгыбыз өзүбүздүн жаныбыздан акча кетирип капиталдык оңдоо кылып чыгарып алдык. Бардыгы өзүбүз үчүн. Үйдү деле тазаласаң жакшы да! Ошон үчүн отурган имаратты деле жакшынакай кылып тазалап, актап, сырдап отурабыз.

Өткөн кылымдын 60-жылдарында салынган имаратта адегенде төрөт үйү жана хирургия жайгашкан. Кийинчерээк төрөт үйү башка имаратка көчүрүлгөн. Жараксыз деп табылган имаратка үч жылдан бери жылуулук да берилбейт. Дарыгерлер сыз бөлмөлөрдө өз алдынча электр мешин колдонушат.

Биз дарыгер Вазилат Умаралиеваны колун электр тактага жылытып отурган жеринен кездештирдик:

— Мурдагы жылдары жакшы жылуу болчу, быйыл жылуулук берилген жок. Суук, ушундай абалда отурабыз. Түбү цемент. Анан тиричилик үчүн иштеш керек болуп атат да.

Оорукананын лабораториясынын кызматкери бизге кандай шартта иштеп жатканын көрсөттү:

— Лабораториянын үстү түшүп кеткен. Бөлмөдө таптакыр суук болуп, иштеш кыйын. Меш жагабыз, бирок меш дагы ысык бербейт. Лабораторияда иштеш кыйын.

Жергиликтүү бийлик да оорукананы башка жерге көчүргөнгө орун таппай жүрөт. Ошондуктан дарыгерлер суук, сыз имаратта иштегенге мажбур.

Маматжан Миянов, Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Аабад облусу боюнча координатору:

— Маселенин баары көчүрө турган имараттын жоктугунда. Бош имараттардын баары эчак сатылып кеткен. Жергиликтүү бийлик деле башка имарат сунуш кылып маселени чечип берген жок.

Мындан тышкары, райондогу Үй-бүлөлүк медицина борбору да имаратка байланыштуу кыйынчылыкка кабылды. Мекеме жайгашкан эки кабат имарат көп жыл бою ижарада болгон. Эми имараттын жаңы кожоюну аны бошотууну талап кыла баштады.

«Үй-бүлөлүк медицина борбору жайгашкан имарат башка кожоюнга сатылып кеткен. Ал аны бошотууну талап кылып жатат. Маселеге акимиат киришти. Үй-бүлөлүк медицина борбору азырынча имаратты бошото элек, анткени ага көп акча жумшалган», — дейт Маматжан Миянов.

Учурда Жалал-Абад облусунун 500 медициналык мекемесинин көпчүлүгү мурдагы колхоз-совхоздордун имаратында жайгашкан. Алардын айрымдары азыр бир четинен жарактан чыга баштады.