Атамбаевдин мурдагы жансакчысы оппозициячыл саясатчыны «Фейсбукта» жазганы үчүн сотко берди

Оппозициячы Адил Турдукулов аны президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев сотко бергенин билдирди. Анын айтымында, доо арыз ал эки жыл мурун «Фейсбукта» жазган эки жазуу үчүн «ар-намысты коргоо» беренеси боюнча берилген.

Турдукулов Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев «ар-намысын коргоо» боюнча доо арыз берип, 5 миллион сом өлчөмүндө тарткан зыянды төлөп берүүнү талап кылганын кабарлады.

Буга Турдукуловдун «Фейсбукта» бир жылдан ашуун убакыт мурда жазган эки жазуусу себеп болду.

2015-жылдын 4-октябрында жарык көргөн биринчи жазуусунда Турдукулов Атамбаевдин мурдагы жансакчысын «киши өлтүргүч» деп, аны парламенттин мурдагы басма сөз катчысы, журналист Шаирбек Мамотокторовду сабап салды деп айыптаган.

Турдукулов экинчи жазуусун 2016-жылдын апрелинде жарыялаган. Ал «күнөөсү далилденген киши» 2010-жылы түрмөдөн «Атамбаев киришпесе чыкпайт эле» деген пикирин билдирген.

«Бул маалымат ар-намыска акаарат келтирген, абройго зыян келтирген жана чындыктан алыс фактыларды алып жүргөн элементтерди камтыйт», — деп айтылат Мамбеталиевдин доо арызында.

Доо арызында Мамбеталиев жарык көргөн маалыматтар ага моралдык зыян келтирип, алардын айынан ал «кабатыр болуп, ачуусу келип, уят болгонун» жазат.

Турдукулов «"Фейсбуктагы" жазуулардын» айынан сотко берүү укуктун алкагына жатпайт, анткени ал жалпыга маалымдоо каражаты эмес, коомдук түйүн дейт.

«Мен муну бийликтин коомдук түйүндөрдү кысымга алуу боюнча пландалган аракети деп ойлоп жатам. […] Кийин Интернетте өз оюн жазган ар кандай колдонуучуга ушундай мамиле болушу мүмкүн», — деди ал.

Турдукулов мындай реакция жараткан «жазууларды алып салууга» ага кеңеш беришкенин да айтты.

«Бирок мен аны кылбайм, мен ал жазууларга макулмун жана Мамбеталиев тууралуу пикиримди өзгөрткөн жокмун», — деди ал.

Турдукуловдун айтымында, бийлик коомдук түйүндөрдү «кысымга алуу боюнча системалуу иш жүргүзүүдө». Анын пикиринде, дал ошондуктан КСДПнын депутаты Дастан Бекешев быйыл августта оппозициячы Мавлян Аскарбековду «Фейсбуктагы» жазуусу үчүн сотко берген.

Бекешев өзү жарандык активист Интернетте ал тууралуу жалган маалымат таратканын айткан болчу.

Бирок Аскарбеков өзү жарыкка чыгарган маалыматтарды абройго шек келтирет деп эсептебейт.

«Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мен эмес, Бекешев мени кемсинткенин далилдейм. Мен социал-демократты теледебаттарга эки жолу чакыргам, анткени бирөө бирөөнү көзү жокто сындаганын туура эмес деп эсептейм», — деди ал 24.kgге курган маегинде.

Бекешевдин доо арызы боюнча соттук отурумдар эмгиче Октябрь райондук сотунда жүрүп келатат.

Президенттердин жансакчысы

Эркин Мамбеталиев — атайын аскер бөлүгүнүн мурдагы жоокери жана мурдагы президент Аскар Акаев менен азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы.

«Азаттык» үналгысынын маалыматы боюнча, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп, 2005-жылы сегиз кишинин өлтүрүлүшү боюнча иштин алкагында жоопко тартылган. Сот аны үч кишини өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм кылган.

Туугандары менен адвокаттары анын актыгын айтып көшөрүп жүрүп, анын иши 2010-жылы жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан каралган.

Жогорку сот Жыргалбек Сурабалдиевди өлтүрүүгө Мамбеталиевдин тиешеси жок деген чечим чыгарган. Башка иштер боюнча ал 15 жылга соттолуп, бирок абак мөөнөтү мунапыс менен азайтылган. Натыйжада ал 2010-жылы эркиндикке чыккан.