Макларендин доклады: Орусиялык спортчулардын допинг-пробалары бурмаланган

Канадалык юрист Ричард Макларен иликтөө жүргүзүп, РУСАДА, Москва лабораториясы, Спорт министерлиги жана ФСБнын орусиялык спортчулардын допинг-пробаларын алмаштыруу системасын түзүүгө катышканын далилдеп чыкты.

Лондондо атайын басма сөз жыйыны өтүп, анда Ричард Макларендин докладынын экинчи бөлүгү сунушталган. Анда орусиялык спортчулардын допинг-пробаларынын алмаштырылганы боюнча далилдер камтылган.

Иликтөөнүн натыйжалары:

  • Сочи олимпиадасынын эки чемпионунун пробалары фальсификацияланган;
  • Орусиялык эки аял хоккейчинин анализинде эркектердин ДНКсы табылган;
  • Айрым допинг-пробаларда туздун адаттан тыш жогорку курамы табылган;
  • 44 «В» пробасынын ичинен 12синде фальсификациядан кабар берген чийик жана издер болгон;
  • Сочиден 21 медаль утуп алган алты паралимпиадачынын пробалары алмаштырылган.

Көз карандысыз комиссиянын иликтөөсүнүн натыйжасы боюнча белгилүү болгондой, миңден ашуун орусиялык спортсмен допинг-пробага байланыштуу көз боёмочулукка барган. Бардык система мамлекет тарабынан иштелип чыгып, көзөмөлдөнүп турган.

Спортчулардын аттары ачыкка чыгарылган эмес, алар докладда жеке номурлар менен көрсөтүлгөн. Бирок алардын тизмеси аттарды ачыкка чыгаруу боюнча чечим кабыл ала турган эл аралык федерацияларга өткөрүлүп берилмекчи.

«Тесттин жүрүшүндө биз пробалардын банкалары ачылганбы-жокпу текшердик. Биз аларды ачса болоорун аныктадык», — деп билдирген Макларен.

Орусиялык спортчулардын пробалары турган пробиркаларда көптөгөн чийик жана жаракалар табылган. Мунун баары пробалардын ачылганын күбөлөндүрөт.

Мындан сырткары Макларен тастыктагандай, анын жанында Орусия Федерациясынын Спорт министрлигинин допинг-пробаларды оң чыгаруу үчүн кызыкканын билдирген электрондук каттар бар.

Эксперттердин ою боюнча, допинг-пробаларды алмаштыруу системасы биринчи жолу 2011-жылы колдонулган. Анда Орусия курамасы Ванкувердеги Олимпиада оюндарында ийгиликсиз кайткан. Андан соң Лондон жана Сочи Олимпиада оюндарында проба алмаштыруу системасы кызуу пайдаланылган.

«Орусия Лондондогу Олимпиаданы болуп көрбөгөндөй фальсификациялады. Медаль утуп алуу каалоосу коллективдик моралды, этикалык компасты жана чынчыл оюндун баасын четке чыгарды», — деген Макларен.

18-июлда жарык көргөн докладдын биринчи бөлүгү чоң резонанс жаратып, Орусияны Рио Оюндарына катышуудан четтете жаздаган. Анда Москва допингге каршы лабораториясынын мурдагы директору Григорий Родченковдун көрсөтмөлөрүнө негизделген маалыматтар камтылган болчу.

Родченков The New York Timesка ушул жылдын 12-майында курган маегинде спортчулардын пробаларынын системалык түрдө алмаштырылганын мойнуна алган. Ошондой эле ал атлеттер дайыма пайдаланган анаболикалык стероиддерден аралашма иштеп чыкканын мойнуна алган.

Интервью бергенден бир нече күндөн кийин иш көз карандысыз серепчи Ричард Макларенге өткөрүлүп берилген. Иликтөө жарым жылга созулган.

Көз карандысыз комиссия иликтөөгө дээрлик эки миллион доллар жумшаган. Ал эми доклад болсо «оозеки көрсөтмөлөрдөн көз каранды болбогон талашсыз далилдерди» камтыйт.

Макларендин айтымында, ушуну менен комиссия өз ишин аяктап, бардык маалыматтарды Дүйнөлүк допингге каршы агенттигине мындан аркы иликтөө жүргүзүү үчүн өткөрүп берген.

Иликтөөнүн натыйжалары боюнча бардык маалыматтар баарына ачык. Аларды бул сайттан окусаңыз болот.

Сүрөт: BBC

ТЕМА БОЮНЧА:


Рио-2016: Допингге байланыштуу эң чоң чыр-чатактар