Чолпон Жакупова 1-январда депутаттык ыйгарым укуктарынан баш тартат

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова 2017-жылдын 1-январында өз каалоосу менен арыз жазып, парламенттен кетет. Мурда ал Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр кабыл алынса ыйгарым укуктарынан баш тартууга убада берген.

Депутат Чолпон Жакупова 11-декабрда өткөн референдумдун жыйынтыктарынан көңүлү калды. Боршайкомдун маалыматы боюнча, добуш берген шайлоочулардын 79,59 пайызы Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнү колдогон.

Референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда Чолпон Жакупова Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр кабыл алынса депутаттык мандатын тапшырууга убада берген. Депутат өз убадасын аткарууга ниеттенүүдө, ал парламенттеги ишин келерки жылдын январынан тартып таштайт.

«Кыргызстанда референдумга шайлоочулардын 30 пайыз келген учур эч качан болгон эмес. Бул өлкөнүн башкы документинин жаңы редакциясы коомду бириктирбей тургандыгын көрсөтүп турат», — деди ал.

Жакупованын пикиринде, Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин парламент көзөмөл функциясынан ажырайт.

«Биз көзөмөл функциясынын бир бөлүгүнөн, мисалы бюджетти көзөмөлдөө укугунан ажырайбыз. Анда суроо туулат, парламентте депутаттарга эмне бар?» — деген ал «Киртагга» курган маегинде.

Жакупова биринчилерден болуп Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыгып, референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоору мыйзам бузуу менен кабыл алынып жатканын бир нече жолу айткан.

Парламент Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча «Референдумдун датасын дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоорун президентке кол коюга жөнөткөндө референдум өткөрүүнү парламенттин 89 мүчөсү колдоп, 16сы гана каршы чыккан.

Жакупова добуш берүүнүн алдында Констиуцияга киргизилчү түзөтүүлөргө каршы чыгып, мыйзам долбоорун «жиндидей» деп атаган. Депутат сунуш кылынган мыйзам долбоору Конституцияга каршы келээрин айткан.

«Конституция — бул элди бириктирүүгө тийиш болгон документ. Биз эки айдан бери эле Конституция бузулганын айтып келатабыз. […] Ал [референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам] [Конституцияга] каршы келет» — деген ал.

Мындан тышкары, ал регламентте каралган экспертизалар жана талкуулар жүргүзүлбөсө деле депутаттар бул мыйзам долбоорун «ачык эле уятсыздык менен алып өтүүгө» аракет кылып жатышканын билдирген.

Депутат — укук коргоочу

Чолпон Жакупова — 2015-жылдын октябрынан тартып Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал депутаттык кызматка келгиче узак убакыт бою «Адилет» укуктук клиникасынын башчысы болгон. Уюм адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоп, демократия жана укуктук мамлекет идеяларын илгерилетүү менен алек.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдү укуктук жактан талдап, эмне өзгөрөөрүн түшүндүрүп келишкен.

Жакупова — тарых илимдеринин кандидаты, адам укуктары боюнча эки монографиянын, жети окуу куралынын жана тогуз жыйнактын автору.

2008-жыл Жакуповага адам укуктарын илгерилеткени үчүн АШ Мамлекеттик департаментинин «Эң эр жүрөк аял» аттуу сыйлыгы берилген.

Ал Анжиян окуяларынан кийин өзбек аялдарын лагерден куткарып чыккандыгы үчүн сыйланган. Мындай сыйлык дүйнөдө 100 гана аялга берилген.