Өкмөт чет өлкөлүктөрдүн катталышын 19-декабрдан тартып жөнөкөйлөштүрөт

Кыргызстанда 90 өлкөнүн жарандарынын жүрүү режими 19-декабрдан тартып жөнөкөйлөштүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматындагылар кабарлашты. Ноябрдын башынан бери орусиялыктардан башка бардык чет өлкөлүктөр Кыргызстанга киргенден кийин беш күн ичинде катталууга мажбур.

Бийлик жарандары Кыргызстанда катталбастан 30-90 күн жүрө ала турган 90 өлкөнүн тизмесин түздү.

Жүрүү режимин жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө токтомго 19-декабрда кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Kloop.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

«Биз чечилип-чечилбегенин билбейбиз, бирок ошол күнү токтомго кол коюлат деп күтүп жатабыз. […] Балким, жарык көргөндөн кийин же дароо эле кол коюлгандан кийин [ченемдер иштей баштайт]», — деп кабарлады Эржигитов.

Казакстан азырынча ал тизмеде жок. Коңшу өлкөнүн жарандары үчүн алар 30 күн каттоосуз жүрө алгыдай өзүнчө макулдашуу түзүлгөн, бирок ал парламентте ратификациядан өткөндөн кийин гана күчүнө кирет.

Картада жарандарына Кыргызстанда каттоосуз жүрүүчү мөөнөтүн узарта турган бардык өлкөлөр белгиленген.

Өкмөт буга чейин чет өлкөлүктөр 5 күн ичинде каттала турган чектөөнү ноябрдын аягына чейин алып таштоого убада берген, бирок айтылган мөөнөткө карата токтом кабыл алынган жок.

Ал арада туристтер каттоо эрежеси тууралуу дагы эле арызданып жатышат — алар маалыматтын, котормочулардын жана англис тилиндеги документтердин жоктугуна дуушар болушкан.

Чет өлкөлүктөр үчүн беш күн ичинде катталуу мөөнөтү 4-ноябрда «Тышкы миграция жөнүндө» жаңы мыйзам менен кошо кабыл алынган.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев ошол учурда «башаламандык» болуп кеткенин ноябрда моюнга алган — жаңы мыйзам менен кошо 90 өлкөнүн жарандары үчүн каттоосуз узак мөөнөт бою жүрүүгө кепилдик берген мыйзам алдындагы актылар кабыл алынышы керек болчу. Бирок өкмөт аны өз убагында жасаганга жетишкен эмес.

Ишкерлердин кайрылуусу

Кышкы сезон ачылаарда Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан Каракол шаарындагы туризм багытында иштеген ишкерлер бийликке кайрылып, чет өлкөлүктөр үчүн каттоо тартибин жөнөкөйлөштүрүп берүүнү суранышты.

Караколдуктардын негизги кирешеси туристтик ишкерликтен түшөт. Жайында туристтер тоо жүрүштөрүнө жана ысык булактарга келишет, кышында болсо шаардын тегерегинде тоо чаңгек базалары иштейт.

Кайрылгандардын арасында мейманканалардын, кофеканалардын, кафелердин ээлери жана кышк оюн-зоок уюштуруучулар бар. Ишкерлер чектөөнүн айынан туристтер азайып кетет деп эсептешет.

Видеокайрылууну «Фейсбукта» Каракол шаардык кеңешинин депутаты Азамат Айтбаев жарыялаган.

Ишкерлер президенттен чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда жүрүү эрежелерин жумшартууну өтүнүп жатышат. Алар туристтер азыраак келип калса кышкы туристтик сезон коркунучка учурайт деп чочулап жаткан кези.

«Коңшулаш өлкөлөр бул системаны жөнөкөйлөштүрүп жатса, биз кайра артка кадам таштап жатабыз. Мен сизден [президенттен] бул каттоону алып салууну өтүнөм», — деп кайрылды ишкер Жамиля.

«Айрым адамдардын өргүү убактысы чектелүү. Алар убактысын кандайдыр бюрократиялык иштерге жумшагысы келбейт. Алар келип эле тоого жөнөгүсү келет. Мисалы, аларда беш эле күн бар дейли, анда алар бир күнүн каттоого жумшай турган болсо башка өлкөнү тандап кетиши мүмкүн», — деп эсептейт Караколдун тургуну Екатерина.