Өз көзү менен көргөн киши Оштун мэри Айтмамат Кадарбаевдин мамлекеттик номерлери тагылган автоунаа кызыл жарыкты көзгө илбей өтүп кеткенин видеого тартып алган. Ош милициясы видеодогу мамлекеттик номерди тааныбай жатканын билдирди.

Жол жүрүү эрежеси бузулганы тууралуу видео «АКИпресс» сайтында жарык көргөн — анда Оштун мэринин 0001 ZA номери тагылган «Тойота Лэнд Круизер 200» автоунаасы кызыл жарыкка өтүп баратканы тартылган. Бул маркадагы автоунааны мэрге ноябрдын башында Кытай консулдугу белек кылган.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Гүлжамал Жороева видео шаардын мэри Айтмамат Кадырбаевди жаманатты кылыш үчүн тартылган деп эсептейт.

«Видео референдумдан кийин чыгарылды. Муну саясий кызыкчылыгы бар киши эле жасады. Атайын аны [мэрди] жаманатты кылыш үчүн», — деди ал.

Кадырбаев өз жообунда автоунаа үчүн жоопкерчилик тартпай тургандыгын, айдоочусу жол коопсуздук эрежесин бузса, мыйзам алдында жооп бериши керек экенин билдирди.

«Ооба, менин кызматтык автоунаамдын номери 0001 ZA. Бирок мен айдоочу үчүн жооп бербейм. Кайгуул милициясы бар, айдоочуга карата ошол чара көрсүн. Ал катардагы айдоочу, башкалардан эч нерсеси менен айырмаланбайт. Эгерде мыйзамды бузган болсо, мыйзам боюнча жооп берсин», — деди мэр.

Ал автоунаа муниципалитеттин менчиги экенин кошумчалады. Ал эгерде айдоочу жол коопсуздук эрежесин бузса аны менен аны кызматка алган кишилер — мисалы, Ош мэриясынын гаражынын директору алек болушу керек деп эсептейт.

«МАИ номерди аныктай албай коюптур. Менин кандай тиешем бар? Автоунаа — муниципалитеттин менчиги. Гараждын директору карап чыксын. Аны ишке алган жооптуу адамдар бар. Эрежени бузууга эч кимдин акысы жок. МАИ далилдеп, штраф салышы керек», — деди Кадырбаев.

ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге милиция кызматкерлери видеого тартылып калган жаңы автоунаанын номерин чын эле тааный албай коюшканын айтты.

«[Кайгуул милициясынын кызматкерлери] бул видеону карап чыгышты. Бирок номери боюнча ал чын эле мэрге таандык экенин тааный албай коюшту. Айдоочу да автоунаа ага тиешелүү эмес экенин айтыптыр. Азыр алар видеодогу автоунааны издеп жатышат, балким башка автоунаа болушу да мүмкүн», — деди ал.

«Тойота Лэнд Крузер 200» маркасындагы автоунаа Кадырбаевге Кытай консулдугунан тартууга келген.

Мындай комплектациядагы автоунаанын болжолдуу базар баасы төрт миллиондон жети миллион сомго чейин турат. Бул моделдеги жол тандабас Ош автоышкыбоздорунун арасында кеңири таркаган марка эмес.