Бишкектин мэриясы активист Садыбакасов койдурган көчө көрнөкчөлөрүн алдырат

Активист Атай Садыбакасов өз каражатына Бишкектин көчөлөрүнүн кыргызча жана англисче аттары жазылган жаңы көрнөкчөлөрдү орноткон эле. Мэрия бул көрнөкчөлөрдү алдырган атат, анткени алар жол белгилерине орнотулган.

Садыбакасов 13-декабран 14үнө караган түнү өз эсебинен шаардын ар кайсы бөлүктөрүнө шаардын көчөлөрүнүн аттары жазылган жаңы көрнөкчөлөрдү орнотуп чыккан.

Бишкек мэриясы болсо кайгуул милициясынын тапшырмасы менен жаң көрнөкчөлөрдү алдырып атат.

«Азыр ал көрнөкчөлөрдү жол белгилеринен алып салыш үчүн бригада кетти», — деп билдирди мекеме «Спутник» маалымат каражатына.

Көрнөкчөлөрдү алып таштоонун негизги себеби — жол белгилерине эч нерсе койгонго болбойт.

«Жол белгилеринин артында жана алар жайгашкан таянычтарда жол кыймылын уюштурууга тиешеси жок плакаттарды, транспаранттарды жана башка каражаттарды жайгаштырууга болбойт», — деп билдирди Бишкектин кайгуул милициясы.

Бишкектин мэриясы Садыбакасов көчөлөрдүн аттары жазылган көрнөкчөлөрдү орноштурууга уруксат алыш үчүн шаардын администрациясына кайрылбаганын билдирди.

Садыбакасов өзүнүн акциясын «түнкү партизандык монтаж» деп атаган. Активист «Фэйсбукта» анын акциясы Бишкектин меймандары шаарда адашпай жүрүшүнө багытталганын жазган.

«Албетте, эгерде Бишкек мэриясы муну вандализм аракети деп баалабаса. Акыркы күндөрү референдум жана саясат тууралуу сөз көп, "калп айтсам энемди алайын, эл үчүн баарын кылып атам" деген сыяктуу үгүттөн кулак сынат. Мага болсо өз ишимди кылыш үчүн эч кандай шайлоо өнөктүгүнүн кереги жок», — деп жазган ал.

Садыбакасов — мурдагы президент Роза Отунбаеванын баласы — мындай жарандык акцияларды биринчи жолу өткөрүп жаткан жери жок. Алсак, Бишкек мэриясы 2013-жылы январдын аягында активист 30 миң сомго Жаш Гвардия бульварына орноткон 22 чыракты алдырып салган.

Алып салууга уруксат документтеринин жоктугу расмий себеп болгон. Алынып ташталган активисттин чырактарынын ордуна «Бишкекжарыктын» кызматкерлери активист жумшаган баага жана стандартка туура келген 10 чырак орнотуп коюшкан.

ТЕМА БОЮНЧА:


Бишкек мэриясы Отунбаеванын уулунун чырактарынын ордуна жаңыларын орнотуп жатат