Жакшылыкка жакын футболчулар. Ажайып алты окуя

Лионель Месси жонуна өз пиринин фамилиясы жазылган «футболканы» чаар пакеттен жасап алган оогандык бала менен жолугушту. Бул жүрөк жылыткан жорук – атактуу футболчулардын колунан келген жалгыз жакшылык эмес. Алдыңарда ак ниеттик тууралуу алты баян.

Дэвид Бекхэм менен ЮНИСЕФтин балдарга арналган кайрымдуулук фонду

2015-жылдын февралында Мадрид «Реалынын» мурдагы футболчусу ЮНИСЕФ менен кошо артта калган өлкөлөрдүн балдарына жардам бере турган кайрымдуулук фондун ачканын жарыялаган.

Футболдук карьерасы бүткөн соң ЮНИСЕФтин элчиси катары 10 жыл иштеген Бекхэм өз фондун ачты. Анын кайрымдуулук уюму зомбулуктан, таш боор мамиледен же катуу оорудан жабыр тарткан балдарга жардам берет.

Кайрымдуулук фонду «7» деп аталат. Бекхэм «Манчестер Юнайтедде» ушул номер менен ойногон. Фонд артта калган өлкөлөрдө жашаган балдардын мүшкүлдөрүнө коомчулуктун назарын буруп, аларга жардам бериш үчүн каражат чогултат.

«Мен футболчунун карьерасын аяктап жатканда кайрымдуулук менен алектенүүгө убактым көбүрөөк болуп калды. Мен кайрымдуулук фондун ачууну чечтим. Балдарым мени менен сыймыктанат деп үмүт кылам» – деди Бекхэм өз чечими жөнүндө.

Бул англичандын биринчи жоомарттыгы эмес. Дэвид «Пари Сен-Жерменде» (ПСЖ) – өзү ойногон акыркы клубда — иштеп тапкан акчасынын баарын Париждеги балдар үчүн кайрымдуулук фондуна которуп берген.

Жакында болсо Бекхэм ЮНИСЕФтин жаңы ролигинде тартылды, ал балдарга зомбулук көрсөтүү жана ырайымсыз мамиле кылуу маселесине көңүл бурууга чакырат.

Месут Озил бразилиялык балдардын операцияларын төлөп берди

Озил жигердүү кайрымдуулук ишмердиги үчүн сыйлык алуу учурунда. Сүрөт: Eurosport.

Германиянын курама командасы ишенимдүү утуп чыккан, Бразилияда 2014-жылы өткөн чемпионаттын алдында немистердин жарым коргоочусу Месут Озил Бразилиянын Короата деген чакан шаарындагы оорусу катуу балдардын 11 кымбат операциясын төлөп берген.

Кийин ал дагы 12 операцияны төлөп берип, баарын кошкондо алар 23кө жетти — немистердин курама командасында так ошончо оюнчу бар. Озилдин жалпы салымы 350 миң фунтка чыкты.

«Урматтуу күйөрмандар, Дүйнө кубогунун алдында мен 11 оорукчан баланын операциясына жардам бердим эле. 11 оюнчу эмес, бүт команда утуп чыккан дүйнө чемпионатындагы жеңиштен кийин мен ушуну 23 бала үчүн кылам. Бул менин меймандос бразил элине ыраазычылыгым», – деп жазды Месут Озил «Фэйсбуктагы» өз баракчасында.

2014-жылдын аягында футболчу жигердүү кайрымдуулук ишмердиги үчүн «Лауреус» сыйлыгын алды.

Футболчу ошону менен токтоп калган жок — бир жылдан кийин ал дагы он бир бразилиялык баланын операциясын төлөп берди.

Криштиану Роналду жана оорусу катуу балдарга жардам

Криштиану — «Save the children» кайрымдуулук уюмунун элчиси.

2014-жылы Роналду мээнин дисплазиясы менен ооруган 10 айлык Эрик Ортис Крустун ата-энесинен кат алган, алар футболчудан кол тамга коюлган майка жана спорттук бут кийим берип жиберүүнү өтүнүшкөн. Баланын ата-энеси бул буюмдарды аукциондо сатып, кымбат операцияга акча тапмак болушкан.

Португалиялык оюнчу өтүнүчкө ошол замат жооп берди. Ал кол тамгасы коюлган футболка менен бутс жиберип гана тим болбостон, баланын операциясына акча (60 миң евро) да берип жиберди. Кийинчерээк ал балага хирургиялык кийлигишүүдөн кийин калыбына келишине зарыл болгон чыгашаларды да толугу менен өзүнө алды (ал болсо 8 миң еврого жакын).

2012-жылы Роналду Лас-Пальмастагы өсмө менен ооруган тогуз жашар Нуазеттин операциясын да төлөп берген. Ал жөнүндө Роналду өз агенти Жорже Мендештен билген.

Быйыл жайында болсо Роналду Евро-2016да Португалиянын курама командасы менен жетишкен жеңиши үчүн өзү алган сыйлыктын баарын (275 миң евро) балдардын онкологиялык ооруларына каршы күрөшкө жумшады.

Роналду Чемпиондор лигасында уткан сыйлыктарын да (465 миң евро) кайрымдуулукка сарптады.

«Балдардын бирөө жакында көз жума турганын билип турсаң, аларды карап туруш абдан кыйын. Бул балдарды жана алардын шордуу ата-энесин көрүп туруп, менин кыйынчылыктарым — өзүм жардам бергим келген адамдардын күйүтүнүн жанында түккө арзыбай турганын түшүнөм», – деди португалиялык оюнчу маектеринин биринде.

Златан Ибрагимович жана ачка адамдарга жардам

Сүрөт: Eurosport

«Манчестер Юнайтеддин» 35 жаштагы футболчусу жаңжалдан жана машыктыруучулар менен урушкандан башка да көп нерсеге жарай турганын көрсөттү. Швед оюнчусу да кайрымдуулук менен тынбай алектенет.

Футболчу калктын жарды катмарын колдоого алган кайрымдуулук фонддоруна демөөрчүлүк кылат.

Анын эң аты чыккан акциясы ачкачылыкка каршы күрөшкө арналган. 2015-жыл ПСЖ – «Кан» матчынын учурунда гол киргизгенден кийин Ибрагимович майкасын чечип, бейтааныш элүү кишинин аты жазылган денесин көрсөткөн.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, футболчу дүйнөдө 805 миллиондон ашуун адам ачкачылыктан жабыркап жатканын ушинтип айткысы келген экен.

Татуировкалар утурумдук болуп чыкты жана өз кылыгы үчүн Ибрагимович эреже талап кылгандай эле сары карточка алды, бирок бул аны капа кылган деле жок.

«Жапа чеккен адамдарды көрүп турсам, мен кызыл карточка алганга да даярмын. Колумдан келсе ачка болгон 805 миллион кишинин баарынын атын денеме жазып алат элем», – деди Златан.

«Мен бир жакка чыгып баратканда эл мени тааныйт, менин атымды атайт, салам айтат. Бирок эч ким билбеген ысымдар бар. Дүйнөдө 805 миллион адам ачкачылыктан жапа чегип келатат. Алардын көпчүлүгү – балдар. Алар согуштардын, жаратылыш кырсыктарынын жана жакырчылыктын курмандыктары. Мени дүйнө жүзүндө колдогон күйөрмандарым көп.

Бүгүнкү күндөн тартып колдоого чын эле муктаж болгондор колдоого алынса деген тилегим бар. Эми менин атымды уккан сайын башка адамдар тууралуу да ойлойсуңар. Мени көргөн сайын башкаларды да көрөсүңөр», – деди Ибрагимович Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ачка адамдарды колдош үчүн тарткан видеороликте.

Дидье Дрогба жана Кот-д’Ивуарга жардам

Сүрөт: Eurosport

2007-жылы эле «Челсинин» мурдагы футболчусу Дидье Дрогба Кот-д’Ивуардын балдарын материалдык жактан колдош үчүн кайрымдуулук фондун ачкан.

Жыл сайын фонд кайрымдуулук кечелерин өткөрөт, ага Лондон клубу боюнча Дидье Дрогбанын мурдагы жолдоштору — Петр Чех, Фрэнк Лэмпард, Эден Азар, ошондой эле «Тоттенхэм» менен «Арсеналдын» футболчулары катышат.

Иш-чарадан түшкөн каражаттын баары Дрогбанын мекени болгон Кот-д’Ивуарды колдоого жумшалат. Бул акчага ооруканалар жана мектептер салынат.

2015-жылы жигердүү кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн Дрогба Англиялык Премьер-лиганын демөөрчүсү «Barclays» банкынан «Оюндун Жаны» аттуу сыйлык алды.

«Мануэль Нойер жана Рурштадга жардам

Сүрөт: «Manuel Neuer Kids Foundation»

2010-жылы Германиянын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Мануэль Нойер Германиянын өзү төрөлгөн Рур облусунун (Рурштаддын) социалдык жактан коргоосуз калган балдарын колдоо боюнча фонд түзгөн.

Фонд балдар үйлөрүн куруп, жергиликтүү ооруканаларга көмөк көрсөтөт. Фонддун алкагында Нойер жетим калган балдарга музыка үйрөтө турган «Жаңы ыргак» аттуу программаны баштады. Программанын бардык чыгашаларын ал өзү көтөрдү.

Фондду колдош үчүн Нойер баскетболчу Дирка Новицкинин фонду менен кошо кайрымдуулук беттешүүсүн уюштурду. Ага Лукас Подольски, Пауль Брайтнер жана Штефан Кисслинг сыяктуу атактуу футболчулар катышты.

Бул матчта сатылган билеттерден түшкөн акчанын баары социалдык жактан корголбогон балдарга жардам берүүгө жумшалды.

Башкы сүрөт: 7.org

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛ:


Лео жана Муртаза: Месси «пакеттен жасалган футболкачан» бала менен кезикти