«Азаттык»: Баткен: окуучулардын жол азабы

Бул тестиерлер Баткен шаарынын борборунан он чакырымга жакын арада жайгашкан Токтогул олуя жаңы конушунун окуучулары. Жайы-кышы дебей Баткен шаарындагы мектепке каттап окуган учурда кээде түнгө калып же жөө кеткен учурлары кадимки көрүнүш.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

Унаа жоктугунан жөө каттоого туура келет. Мындайда албетте ата-энелерге да түйшүк. Анан да чоң трассаны бойлоп кеткендиктен ар кандай кооптонулар, балдардын коопсуздугу өзүнчө эле маселеге айланган.

«Суук болуп жатат, анан Карабакка жүрүп жаткан унаа менен барышат бирок, ал жерге чыгышканы менен алгандары алат албаса жок. Эми ал жерден ар түрдүү унаалар өтөт. Экстремисттик топтордон балдарды уурдап кетиши мүмкүн. Ошондон коркуп биз көп жерлерге кайрылганбыз», — деди Токтогул олуя конушунун тургуну Галбай Шерматов.

Маселени чечүү үчүн жашоочулар бир топ жерлерге кайрылышкан. Ал эле эмес он күндөй мурда облус бийлиги да бул маселе менен кабардар болуп, жергиликтүү бийликке атайын тапшырмаларды берген.

bcdb7313-dec0-47c2-8647-619de1328983_w610_r1_s

Бир миңдей ашык киши жашаган айылдан 100дөн ашык бала мектепке каттайт. Жергиликтүү бийлик маселени чечүү үчүн ар бир балага ата-энеси 380 сомдон төлөшсө, күнүнө төрт маал жүрө турган каттам уюштурууну колго алганын айтат.

«Эртең менен саат 7де, 11:30да анан 12:30-13:00гө кайрадан алып келет, анан кечинде 17:30дан 18:30да кайрадан жеткирет. Бир күндө каттамды уюштурдук. Бул маселе чечилди. Келерки жылга кошумча шаардык кеңештин кароосуна киргизебиз. эгерде бул маселе чечиле турган болсо, кошумча каражаттар менен толуктап туруп, бул маселени толугу менен ишке ашырабыз деген оюбуз бар», — деп билдирди Баткен шаарынын вице-мэри Мамасадык Султанов.

Эми балдардын ар бирине атайын мөөр басылган күбөлүк берилип, окуучулар үчүн каттам иштей баштайт. Бирок, бул убада бир топ убакыттан бери айтылып, куру сөз бойдон калууда. Буга чейин да ушундай куру убадалар болгон бирок, ишке ашпай кала берген.

«Балдар аябай суукта кыйналып жатышат, жолдо калып кетишүүдө, кээ бир унаалар албайт. Ошентип окуучулар өтө кыйналышууда. Муну көп жерлерге, мерияга калк да барып кайрылган. «Болот, аткарылат» деген бирок, жыйынтык жок», — деди аталган конуштун тургуну Жусубали Аширалиев.

Токтогул олуя конушу мындан 15 жылдай мурда уюшулуп, шаар карамагындагы конушта али транспорт, жол, суу маселелери четинен чечилбей турат.