Facebook жаңылыктардын тууралыгын текшерет

Facebook коомдук желеси жалган маалыматтар менен күрөшүүнү чечкен. Кабарлардын тууралыгын аныктоого талаштуу маалыматтарды текшерүү боюнча адистешкен таасирдүү агенттиктер жана сайттар жардам бермекчи.

Facebook коомдук тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг өзүнүн барагында жарыялагандай, анын сайтына чыгарылган жалган маалыматтар менен күрөшүүнү пландоодо.

Коомдук тармактагы «фэйктер» менен күрөшүү үчүн интерактивдүү шаймандар жасалган. Эми Facebook барагындагы колдонуучулар туура эмес маалыматты арызданып билдире алышат.

reporting-a-story-as-fake

Колдонуучулар арызданган текст коомдук тармактын командасына келип түшкөндөн кийин алардын журналисттер менен биргеликте чын же калп экени текшерилет.

disputed-story1

Эгер жаңылык жасалма болсо, ал тиешелүү түрдө белгиленет. Сиз шилтеме менен кирип жаңылыкты окуп жатканыңызда, маалыматтын факттар менен тастыкталбаганы боюнча эскертүү аласыз.

sharing-disputed-story1

Ошондой эле сайт жарнамалык мүнөздөгү сайттарга тартуу үчүн жаңылыктарды жарыялаган «спамерлер» менен күрөшүүнү пландоодо.

Маалыматтардын тууралыгын текшерүүгө Associated Press, ABC News телеканалы, FactCheck.org, PolitiFact жана Snopes сайттары көмөктөшмөкчү.

Жаңылыктарды текшерүү өтө кең тармакты камтыйт. Кереметтүү түрдө ракты айыктырган дары-дармектерден тартып белгилүү адамдардын жашоосу тууралуу жалган маалыматтар менен конспирология жана болбогон саясий жаңжалдарга чейинки бардык кабарлар кирет.

Мындай чечимдин себеби Facebook менен байланыштуу соңку саясий жаңжалдар болушу мүмкүн.

«Пиццагейт»

Хиллари Клинтон менен Дональд Трамптын ортосундагы президенттик шайлоо өнөктүгү убагында коомдук желелерге жарыяланган жалган маалыматтар чыныгы трагедияга алып келе жаздаган.

Глубоко верующий Эдгар Велч принял недостоверные новости об обществе педофилов в популярной пицерии за чистую монету. Фото: Sathi Soma
Сүрөт: Sathi Soma

Текшерилбеген конспирологиялык макалаларда Хиллари Клинтондун педофилдердин сектасы менен байланышы бар экени жазылган. Ошол материалдарга ылайык, сектанттардын штаб-квартирасы Вашингтондогу Comet Ping Pong пиццериясында болгон. «Сырдоо коомчулук» тууралуу маалыматтардын сериясын «Пиццагейт» деп аташкан.

Мындай материал менен таанышкан окурмандардын бири 2016-жылдын декабрында өзү сектаны териштирип көрүүнү чечкен. Ал Вашингтонго барып, аталган пиццерияда ок ачкан. Эч ким жабыркаган эмес, ок чыгарган адам камалган.

Фейк жаңылыктардын шаары

Македонияда жайгашкан Велес шаары АКШ президенттигине шайлоо өтүп жатканда жаңдалдын чордонуна айланган. Тагыраак айтканда, аталган шаардын жашоочулары өздөрү ошол жаңжалдардын автору болгон.

Македониялык өспүрүм балдар WorldPoliticus.com же USConservativeToday.com сыяктуу америкалык аталыштарга окшоштуруп сайт ачып алышып, жалган маалыматтарды Facebookка жарыялап турушкан. Баары биригип македониялыктар миңдеген жазылуучулары бар 140тай сайт ачышкан.

Группа подростков из Македонии создала около 140 сайтов с поддельными новостями, повлиявших на выборы в США. Фото: Buzzfeed
Сүрөт: Buzzfeed

Анда WorldPoliticus.com сайтындагы материал ФБРдеги анонимдүү булактарга таянып Хиллари Клинтондун 2017-жылы электрондук почтасындагы маалыматтарга байланыштуу бир нече кылмыш үчүн кылмышка тартыла турганын кабарлаган.

Buzzfeedге курган маегинде сайттын негиздөөчүлөрү алардын максаты Дональд Трампты колдоо эмес болгонун айтышкан.

Ушул сыяктуу жалган маалыматтардан улам Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукербергди буга чейин АКШдагы шайлоого жана башка саясий жараяндарга таасир этүү боюнча айыпташкан. Анда Марк мындай ойду «жин тийген» деп атап, бирок бул көйгөйдү чечүү үчүн чара көрө баштаган.