ИИМ арам өлгөн малдын этин сатууга күнөөлүү аткаминерлерди издейт

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев укук коргоо органдарын жана Бишкек мэриясын Ош базарында арам өлгөн малдын этин сатууга жол берген аткаминерлерди табууга үндөдү.

Абулгазиев Ош базарындагы баш аламан эт сатуу фактылары боюнча 20-декабрда өткөн жумушчу кеңешмеде ушундай билдирүү жасады.

Ал ИИМди, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны жана Бишкек мэриясын Ош базарында сапатсыз эт сатууга жол берген аткаминерлерди табууга үндөдү.

«Өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерди жаап-жашырса, тиешелүү жетекчилер керт башы менен жооп беришет. Коомчулук мындай кечиримсиз көрүнүш үчүн ким жазага тартылганын билиши керек», — деди Абулгазиев.

Анын айтымында, кызматтык иликтөө аткаминерлер эле эмес, эт тапшыргандар боюнча да жүргүзүлөт. Вице-премьер-министр аткаминерлердин өз кызматына ылайыктыгын карап чыгууга чакырды.

«Мындай көрүнүштөр тиешелүү кызматтардын айрым жетекчилеринин жоопкерчиликсиз жана шалаакы мамилесинен улам болуп жатканын ачык айтыш керек», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Абулгазиев эт тапшыргандарга жана соода түйүндөрүнүн ээлерине катуу талап коюш керек экенин айтты. Мындан тышкары, сапатсыз эт сатылган туш келди жерлерде рейддер да жүргүзүлөт.

Вице-премьер-министрдин билдирүүсү журналист Элнура Молдокадырова Ош базарындагы сапатсыз эт сатуу фактыларын таап чыкканы тууралуу КТРКдагы сюжеттен кийин айтылды.

Материал авторунун айтымында, мыйзамсыз цехте табылган этти «ар кайсы жеринен айбанаттар тиштеп кеткен, жыты көңсүп, чирип баратканы көрүнүп турган».

Репортажда мындай эт ветеринардык көзөмөлдөн өтпөй туруп колбаса цехтерине келип түшүп, ал жакта андан фарш жасалаары айтылат. Мындан тышкары, чириген этти айрым кафелер жана тез татым жайлары сатып алышат. Сюжет боюнча арам өлгөн малдын эти кир тачкаларда ташылып, көчөдө жиликтелип, сатылган.

Ош базарынын ветеринардык дарыгери Радбек Бектуров КТРКдан көрсөтүлгөн сюжеттен кийин сапатсыз эт саткан сатуучулар бир нече күн бою базарга келбей калышканын билдирген.

Сүрөт: Zanoza.kg