Маммүлк фонду мурдатан иштеп келаткан сайтка кантип 45 миллион сом короткон?

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) Дүйнөлүк банктан алынган 45 миллион сомду мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүгө короткон. Бирок мындай портал буга чейин эле бар болчу.

Дүйнөлүк банк 2014-жылдын апрелинде Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча системаны жакшыртууга 45 миллион сом бөлүп берген. Бул акчага ММБФ мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин - ар бир адам кире ала турган интернет-портал түзүшү керек болчу.

Бирок каражат бөлүнүп жатканда ММБФте мамлекеттик объектилер тууралуу маалыматты сактап, чогултуп, аларды талдап турган сайт ага чейин эле бар болчу.

Бул система «Кыргызстандын кризис-менеджерлер кошууну» бирикмеси тарабынан бекер түзүлгөн — уюмдун башчысы Элмира Мыкыеванын айтымында, ал ММБФтин ишин 80 пайызга автоматташтырууга мүмкүнчүлүк берген.

«Биз грант албайбыз, эч нерсе албайбыз. Башкача айтканда бизде программисттер бар, алар башкаларга да жардам берип, өзүн да текшерип көргүсү келген. […] Биздин максатыбыз бир чыкты, биз баары ачык, даана болушу үчүн, коррупция болбошу үчүн мамлекеттик органдарга жардам беребиз», — деп түшүндүрдү Мыкыева.

2015-жылга чейин «Кыргызстандын кризис-менеджерлер кошуунунун» системасы тесттик режимде болгон, бирок андан кийин ал расмий түрдө ишке кирген — ал маалымат менен толтуруп, ал эми ММБФтин кызматкерлери маалымат базасын пайдаланууга үйрөтүлгөн.

Бирок ММБФ бөлүнүп берилген 45 миллион сомду азыркы системаны өркүндөтүүгө эмес, жаңысын түзүүгө жумшаганда мунун баары бекер убара болуп чыкты.

Мыкыева ММБФ эки системаны — «Кризис-менеджерлер кошуунунукун» жана Дүйнөлүк банк каражат бөлүп берген жаңысын — бириктирет деп ойлогон, бирок андай болгон жок.

«Биз интеграция болуп, система жеткире иштелет экен, сервер сатып алышат экен деп ойлогонбуз. Алар өздөрү мурунку эле нерсеге акча коротпойбуз дешкен, бирок иш жүзүндө ошого эле тапшырык беришти», — дейт ал.

Жаңы система ― «көбүрөөк деталдашкан»

ММБФтин төрагасынын орун басары Назгүл Каипова Kloop.kgге «Кризис-менеджерлер кошууну» түзгөн системадан айырмаланып, 45 миллион сомдук жаңы система «көбүрөөк деталдашканын» айтты.

«Албетте, бул программада маалымат көбүрөөк жана ал бизге мындан нары так мамлекеттик эсептөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет», — деди ал.

Ошол эле учурда Каипова азыркы иштеп жаткан система «бардык параметрлерге жооп берээрин» моюнга алат. Бирок иштеп чыгуучулар — «Грант Торнтон Кыргызстан», «Грант Торнтон Армения» жана «VX Soft Ltd. Ирландия» компаниялары — эки система келишпей тургандыктан аларды интеграциялоодон баш тартышты.

ММБФ Kloop.kgнин расмий сурамына жооп берип, негизги айырмалардын бири — коопсуздукка карата мамиледе экенин билдирди. Жаңы системага электрондук санариптик мөөрдүн жардамы менен гана кирсе болот.

Дүйнөлүк банктын кеңешчиси Нурдин Тынаев системалардын ортосундагы негизги айырмачылык — аларды кайсы жабдуу камсыз кылганында деди. Анын айтымында, баштапкы система бардык мамлекеттик мүлктү эсепке ала алмак эмес.

«Инвентаризация үчүн аны өткөрүп эле коюу жетишсиз, маалыматты сактап, жаңыртып туруш керек, ал үчүн зор маалымат базалары зарыл, аларды техникасы жок сакташ мүмкүн эмес. Аны жасагандар («Кризис-менеджерлер кошууну»), ММБФ үчүн 70-80 миң долларга жабдуу сатып бере алмак эмес. Негизги айырмачылык ушунда», — деди ал.

Мамлекетти мүлктү эсепке алуунун автоматташкан системасын түзүү — өкмөттүн «Ишеним жана биримдик» программасындагы негизги милдеттердин бири.

Программа боюнча система 2017-жылы толугу менен даяр болууга тийиш.

Долбоор ишке ашкычакты ММБФте үч жетекчи алмашты. Алардын бири — Алмазбек Кадыркулов — так ушул долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча даттанган премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен иштен алынган.

Андан кийин 2016-жылдын жайынан тартып ММБФти Мэлис Мамбетжанов жетектейт.

Көп аракет жана убакыт бекер кетти

Каржы министрлигинин алдындагы коомдук кеңештин төрагасы Бакытбек Сатыбековдун айтымында, жаңы порталда маммүлктү инвентаризациялоо жөнүндө гана маалымат болот, ал эми «Кризис-менеджерлер кошууну» түзгөн порталда башка да системалар — ижара келишимдерин каттоо, маммүлк объектилеринин реестри, транспорттук каражаттар жөнүндө маалыматтар жана уюмдардын каржылык көрсөткүчтөрү да бар болчу.

«Биз, андан (маммүлктү инвентаризациялоодон — ред.) тышкары, порталда мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын каржылык отчеттуулугуна байланышкан бөлүмдү да көрсөтчүбүз, ал эми жаңы сайтта ал жок. Аларга муну билүү кызыксыз сыяктуу же бул атайын эле коомчулуктан жашырылып жаткандай таасир калтырды», — деп эсептейт Сатыбеков.

Анын айтымында, бекер порталды толтурууга мамлекеттин көп каражаты жана убактысы кеткен, эми анын баары бекер болуп чыкты.

«Ресурсту иштеп чыгууга эле эмес, бул маалымат  ресурсун пайдаланууга мамлекеттик аткаминерлерди үйрөтүүгө да көп аракет жумшалган. Ал маалыматтар ошол жерде жайгашышы үчүн көп убакыт кеткен, 2013-жылдан бери чын эле маалыматтардын өтө чоң массиви топтолгон. Ал жакка өтө көп маалымат киргизилип, адамдар иштеп, бул портал үчүн бюджеттик каражат жумшалган», — дейт Сатыбеков.

Ал мамлекеттик ишканалардын каржылык отчеттуулугу тууралуу маалыматтын жоктугунан улам ММБФ айкындуулукту камсыз кылууга кызыкчылыгы жок деп эсептейт.

«Же айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылуу аларга кызык эмес жана алар батыраак кандайдыр жол менен ал жакта чыгып калган маалыматты жашыргысы келип жатышат, же аларга азыр колдо турган нерсени пайдалануу кызык эмес — алар кошумча акча алып, жаңы долбоор түзүп, бүт маалыматты нөлдөн баштап толтургусу келип жатышат», — дейт Сатыбеков.

Сүрөт: «АКИпресс»