Сириядагы жоочулар Түркиядагы Орусиянын элчисин өлтүрүүгө тиешеси бар экенин танып жатышат

Сириялык «Жейш аль-Фатх» куралдуу тобу анын жоочулары Түркиядагы Орусиянын элчисин өлтүрүүгө тиешеси жок экенин билдирди. Мурда түрк ЖМКлары ушул топтун жоочулары жоопкерчиликти өзүнө алышканы тууралуу билдирүү таратышкан.

Террорчулардын ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзгөн  SITE Intelligence Group уюму кабарлагандай, Сириядагы «Жейш аль-Фатх» жана «Жабхат Фатх аш-Шам» уюмдары Түркиядагы Орусиянын элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө тиешеси жок экенин билдиришти. Алардын атынан мурда таратылган билдирүүнү бул топтордун өкүлдөрү «жасалма» деп баалашты.

Түрк жана Ирак ЖМКлары Карловду өлтүрүүнүн жоопкерчилигин 21-декабрда Сириядагы «Жейш аль-Фатх» террордук уюму өзүнө алганы тууралуу билдирүү таратышкан.

РБК телеканалынын маалыматына караганда «Жейш аль-Фатх» — бул террорчу топтордун бирикмеси. Эксперттер анын 90 пайызы «Жебхат-ан-Нусра» жана «Ахрар аш-Шам» террордук топторунун жоочуларынан турат да, негизинен Сауд Аравиясы жана Катар тараптан каржыланат деп эсептешет.

Элчинин өлтүрүлүшү

Орусиянын элчиси Андрей Карлов Анкара шаарынын көркөм сүрөт галереясында 19-декабрда өлтүрүлгөн, ал жакка ал «Орусия Калининграддан тартып Камчаткага чейин саякатчынын көзү менен» деген фотокөргөзмөнүн ачылышына келген.

Аны 22 жаштагы полиция кызматкери Мевлүт Алтынташ атып өлтүргөн. Өлтүрүү учурунда ал исламисттик ураандарды кыйкырып, өз жоругун Алеппо үчүн өч алуу деп атаган.

Орусиянын элчисине кол салуу учурунда дагы үч киши жабыркаган.

Кол салган жигитти түрк атайын аскерлеринин кызматкерлери атып өлтүргөн. Бул иш боюнча түрк полициясы 13 кишини кармады, алардын арасында Алтынташтын туугандары бар. Анкаранын прокуратурасы көп өтпөй аларды камактан бошотту.

Орусиянын ТИМи окуяны террордук акт деп атады. Орусиянын Тергөө комитети «Эл аралык террордук акт» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-декабрда Түркияда курман болгон элчиге Орусия Баатырынын наамын анын көзү өткөн соң ыйгарды.

Карлов бүгүн эртең менен, 22-декабрда жерге берилди. Сөөк коюуга Орусиянын президенти Владимир Путин катышты.

ТЕМА БОЮНЧА:


Орусиянын элчисин өлтүрүүнүн жоопкерчилигин сириялык жоочулар өзүнө алды

Түркияда Орусиянын элчиси өлтүрүлдү