БШК: Референдум өттү, шайлоочулар Конституцияны өзгөртүү үчүн добуш беришти

Боршайкомдун мүчөлөрү референдумду өттү бир добуштан деп эсептешти. БШКнын бир гана мүчөсү Гүлнара Журабаева өзгөчө пикир айтып, референдум маалында мыйзам бузулган учурларга көңүл бурду.

Боршайкомдун мүчөлөрү Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өттү деп бир добуштан эсептешти. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева референдум маалында мыйзам бузулган учурлар катталганына байланыштуу өзгөчө пикир айтты.

Журабаеванын айтымында, Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөрдү колдоп жана аларга каршы чыгып үгүттөгөн топтор ЖМКга бирдей жеткилик алышкан жок — сыналгы каналдары жана басылмалар негизинен түзөтүүлөрдү колдогондорго сөз берип туруп алышты.

Журабаева студенттер добуш берүүгө «катышууга мажбурланып жатты» дейт.

«Билим берүү мекемелеринин жетекчилери аларды мажбурлаган фактылар болду, буга коомдук түйүндөрдөгү, сыналгыдагы, интернет-басылмалардагы роликтер жана сүрөттөр далил болду, бул тууралуу арыздар түштү», — деди ал.

Журабаева ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундугун бузган маркер колдонулганына көңүл бурду — ал бюллетендин артынан байкалып, шайлоочу кандай добуш бергени көрүнүп калып жатты.

Журабаеванын айтымында, жергиликтүү кеңештер шайланбаган калктуу пункттарда шайлоочулар аз эле келген. Ал референдумдун өтүшүнө жарандар ынтызар болгон эмес деп эсептейт.

«Мен БШК мүчөлөрүнөн референдумдун жыйынтыктарын аныктоо маселелери боюнча менин өзгөчө пикириме көңүл бурууну өтүнөм. Жогоруда сөз болгондорду эске алып, мен референдумдун жыйынтыктарын талашсыз деп эсептей албайм жана анын жыйынтыктарына макул боло албайм», — деди ал.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШК мүчөлөрү өздөрүнүн өзгөчө пикирин кат түрүндө билдирүүгө укугу бар экенин, ал отурумда карала тургандыгын айтты.

Референдумдун жыйынтыктары

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, референдумда шайлоочулардын 42,4 пайызы добуш берди. Референдум өттү деп эсептелиши үчүн шайлоочулардын 30 пайызы добуш бериши жетиштүү.

Конституцияга киргизилген түзөтүүлөр үчүн референдумга келген шайлоочулардын 79,6 пайызы добуш берди, 15,4 пайызы каршы чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жалпы Кыргызстан боюнча техниканын бузулушунан, протоколдордун туура эмес толтурулушунан жана шайлоо процессинин бузулушунан улам 18 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылганын билдирди. Комиссия 14500 бюллетенди жараксыз деп тапты.

Референдумдун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө чечимди БШК президентке жана парламентке жөнөтөт.

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 11-декабрда өттү.

Сүрөт: «Спутник»

ТЕМА БОЮНЧА:


Референдум жана жергиликтүү кеңешти шайлоо — 79,5% Конституцияга түзөтүү киргизүүгө макул, КСДП дээрлик бардык шаарларда алдыда