«Настоящее время»: «Кыз төрөсөң үйгө келбей эле кой» – кыргыз аялдары уул төрөш үчүн эмнеге барышат?

Кыргыз үй-бүлөлөрүндө кыздарга караганда уулдарды көбүрөөк күтүшөт. Бишкектин төрөт үйлөрүнүн аначылары ушуну байкашат. Мураскерим болсун деп үй-бүлөсүндө жалаң кыз төрөлгөн эркектер уул төрөлүшүн талап кылышат. Күйөөлөрүнө жагыш үчүн айрым аялдар ден соолугун, кээде болсо өмүрүн да тобокелге салышат.

Материалдын түп нускасы «Настоящее время» сайтында жарыяланган, материалдын автору — Жибек Бегалиева.

«"Кокуй, күйөөмө эмне деп айтам2 дешет. Эмнегедир күйөөсүнөн корко башташат. "Туугандарга эмне деп айтабыз. Алар эркек баланы аябай каалашты эле, мен болсо кайра кыз төрөп койдум2 дешет. Мөөнөтү чоң болсо деле келип УДИге (ультра добуштук изилдөөгө) түшүп, "кош бойлуулугумду токтотуп салгым келет" дегендер бар. Ал тургай терезеге кыйкырып, "кыз төрөсөң үйгө келбей эле кой" дегендер да болгон», – деп айтып берди Бишкектин № 1- төрөт үйүнүн башкы дарыгери Аминат Байтикова.

Ондогон жылдардан бери Бишкектеги биринчи төрөт үйүнүн башкы дарыгери баланын жынысы эркектен көз каранды экенин, аял киши болгону түйүлдүктү гана көтөрүп жүрөөрүн түшүндүрө берип чарчады. Бирок ошого карабастан болочок энелер "уул төрөлүшү үчүн эмне кылыш керек" деп кеңеш сураганы улам көбүрөөк келип жатышат.

«Эгерде бул эркектен көз каранды экенин билишсе, башкача айтышмак. Кээде айтышат, "кыз төрөсөң - кет" деп. Билсе "өзүң кет" деп айтышмак», – дейт төрөт үйүнүн башкы дарыгери.

Так ушул учурда бир нече аялдар төрөп жатышат. Бул болсо толгоодон кийин эс ала тургандар үчүн бөлмө. Бул аялдын перзенти — уул.

Аначылардын (акушеркалардын) эсебинде Элзаттын толгоосу эртең кармашы керек. Тогуз ай бою анын үй-бүлөсү уул күтүп жаткан, бирок жакында келин үчүнчү кыз төрөй турганы билинди: «Мен өзүм эле уул төрөйм деп чечим кылып алыптырмын. Ошого күүлөнүп алгам. УДИге көпкө чейин барбай жүрдүм. Ультраүнгө жакында эле бардык. Эркектер өздөрү уулдуу болгусу келет деп ойлойм. Көпчүлүгү».

Анжелика Бекболиева. Сүрөт: Алмаз Кудайкулов

Анжелика – Кыргызстандагы таанымал эстрада ырчысы. Жакында курган маегинде ырчы "уул төрөлмөйүнчө төрөй берем" деген ниети бар экенин моюнга алды. Ден соолугуна коркунуч келгенине карабастан, үч кызын тең артист кесар кесиндиси аркылуу төрөгөн.

«Медицина өнүгүп баратат. Мен баарынан сураштырам, билем. Бирок жети өлчөп бир кессе деле баары Кудайдын колунда. Бирок биз али жашпыз, балким дагы эки уулдуу болобуз», – дейт Анжелика.

Гулайым Айылчы

Феминисттик сайттын негиздөөчүсү Гүлайым Айылчынын пикиринде, аялдар мындай тобокелчиликке коомдогу көндүм көз караштардан улам барышат.

«Эгерде үй-булөдө үч кыз болсо – үй-бүлө тараптан кысым болот. Достор тараптан болот. "Качан уулдуу болосуңар" деп баары чымчылай беришет», – дейт феминисттик сайттын негиздөөчүсү.

Ошондо аялдар ар кандай амалдарды колдонушат. Ага календар боюнча бойго бүтүрүү да, байыркы кыргыз ишенимдерин кармануу да кирет.

«Ысымдардын арасында "биз сени каалаган эмеспиз, уул төрөлүшүн каалаганбыз" деген маанидеги аттар өтө көп. Бурул – демек бурулуш керек деген мааниде. Катары менен кыздар төрөлө берсе, бул кызга ушундай ат бересек уул төрөлөт деген ырым бар. Жаңыл деген ат деле ошол. "Кыздар төрөлө берчи эле, эми кийинкиси жаңылып кетип уул болсун" деген сөз», – дейт Гүлайым Айылчы.

Гүлайымдын айтымында, бул аттар Кыргызстанда азыр да кеңири тараган.

Сүрөт: Flikr