Улгайган жубайлардын ар кимге эле ишене бергени үйүнөн кол жууп калуусуна алып келген. Пенсионерлер короону карап тазалап берүү шарты менен бир көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө көчүп барууга мажбур болушкан. Алар жарым жылдай ошол жерде жашап, кийин аларды бишкектик сүрөтчү өзү багып алган.

Елизавета Генн менен Виктор Гелеза 17 жылдан бери чогуу жашашат. Мурда алар Сокулуктагы үйүндө жашашчу, бирок качан алардын үйүн алдап тартып алгандан кийин Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жашоого мажбур болушкан.

Кийинчерээк ошол эле жер төлөдө студияны ижарага алып иштеткен бишкектик сүрөтчү аларды өз үйүндө жашоого чакырган.

Елизавета менен Виктор Kloop.kgнин кабарчысы Александра Титовага кандай кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүн жана үч жылдан бери уланып келе жаткан сот иштери боюнча айтып берген.

Үйдөн жер төлөгө

Бир жолу улгайган жубайлардын курбусу Бурул Өмүралиева аларды өзүнүн досу менен тааныштырып, үйдү күрөөгө коюп, Асылбек Эрматов деген «таасирдүү» кишиден карызга акча алып турууга көндүргөн.

Ал аял үй үчүн пайыздарды да, карызды да төлөөгө убада берип, бирок акчаны алгандан кийин дайынсыз болуп кеткен. Пенсионерлер да, Өмүралиева да аны таба албай калышкан.

Пайыздар пенсионерлер үчүн жогору болуп, төлөй албай калышкан. Аларга 18 миң сомдон төлөөгө туура келген.

«Кийин бизди үйүбүздөн түндөсү кууп чыгышты. Анда чоң атам катуу ооруп жаткан. Ошентип бизден үйдү тартып алышты. Үйдү эки жолу сатышты», — дейт Елизавета Генн.

Елизавета Генн со своим супругом прожила в подвале многоэтажного дома.
Елизавета Генн жубайы менен жарым жыл көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө жашаган.

Жубайлар үйүнөн кол жууп калган түндү жакшы эстешет.

Пенсионерлердин айтымында, үйдү жаңы кожоюндарга өткөрүп берүү боюнча документтерге кол коюуга мажбурлашып, эгерде кол койбосо өлтүрүп коёорун айтып коркутушкан. Ошол күнгө карата пайыздан куралган карыз 120 миң сомго жетип калган.

«Чоң атамды кагазга кол коюуга мажбурлашкан. Биз эмне кыла алмакпыз? Алар тогуз адам болчу, көчөдө да чыныгы бандиттер турган. Ошентип үйүбүздү тартып алышты», — деп айтып берди Елизавета.

Алдамчы менен тааныштырган курбусу болсо өзүн күнөөлүү сезип калган. Бурул Өмүралиева акчаны төлөөгө жардам берүүгө убада бергени менен анын акчасы болгон эмес.

Ал өзүнүн Бишкектеги бир бөлмөлүү үйүндө жашоого чакырган. Кийинчерээк карыялар көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө баш калка таап алышкан. Аларга короону кайтарып, тазалап туруу шарты менен жер төлөдө жашап турууга уруксат беришкен.

Боорукер адамдар

Виктор менен Елизавета жер төлөдө жарым жыл жашашкан. Ошондо алар менен «Бабушка эдопшн» фондунун ыктыярчылары таанышышкан.

Фонд аркылуу аларды Назира Мамытова асырап алып, аларга ай сайын материалдык жактан жардам берип келет.

Ошол эле жер төлөдө өзүнүн студиясы үчүн бөлмө ижарага алып иштеткен Бишкектик сүрөтчү карыялар тууралуу угуп калып, аларды өз үйүндө жашоого чакырган.

Жители дома, в подвале которого они жили, до сих пор с теплотой вспоминают своих пенсионеров.
Жер төлөсүндө жашоого уруксат берген үйдүн жашоочулары карыяларды жакшы сезимдер менен эстешет.

Сүрөтчү өз атынын жашыруун бойдон калуусун каалады. Айтымында, пенсионерлерге коомчулуктун билүүсү үчүн эмес, «адам катары» жардам берүүдө.

«Мен жөн гана адам катары аларга жардам бердим, аларды жер төлөдө таштап кете албадым. Бул үйдү апрель айынан тарта ижарага алып, алар менен чогуу жашап жатабыз. Мага бир бөлмө жетиштүү, алар абийирдүү жана тыкан адамдар, менин үй-бүлөм болуп калды. Эмне болсо дагы мен аларды таштап кетпейм», — деп айтты ал Kloop.kgге курган маегинде.

Елизаветанын пенсиясы 3300 сом, ал эми Виктордуку 2004 сом. Ошондуктан сүрөтчүнүн үйүнө көчүп баргандан кийин алардын ижара акысын төлөөгө аларды асырап алган Назира Мамытова жардам берип турат. Андан сырткары пенсионерлер короо тазалап иштеген жумушун улантып, ай сайын 2000 сомдон иштеп табышат.

Сот

Елизавета Генн менен Виктор Гелезанын окуясы Асылбек Эрматовдун ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жалгыз учур эмес болуп чыккан.

«Ал ошондо көпчүлүк адамдарга үстөк пайыз менен насыя берип, алардын үйлөрүн тартып алган», — дейт Елизавета.

Карыялар өз мүлкүн кайра алуу үчүн Эрматовду сотко беришкен. Бурул Өмүралиева айыптоочу тараптан жалгыз эле өзү күбө катары катышкан.

Единственный свидетель стороны обвинения - подруга Елизаветы Бурул - умерла от тяжелой болезни. Бурул буквально умерла на руках Елизаветы.
Айыптоочулардын жалгыз күбөсү жана Елизаветанын курбусу Бурул катуу ооруга кабылып каза болгон. Елизавета курбусунун акыркы демине чейин карап жаткан.

«Бизди коркутушкан, эгер кимдир бирөөгө айта турган болсок, өлтүрөбүз дешкен. Анткени биздин туугандарыбыз да, бала-чакабыз да жок. Бирок биз барыбир сотко бердик», — дейт Виктор.

Кийинчерээк жалгыз күбө Бурул Өмүралиева да көз жумган. Анын өлүмүнөн кийин иш бир топ эле кыйынчылыктар менен коштолгон.

Үч жыл бою иш Чүй облусунун Москва райондук сотунда каралган. Соттук териштирүү ар дайым кийинкиге жылдырылып олтуруп, 2016-жылдын 9-декабрында карыяларга иштин жабылганын кабарлашкан.

Иш мөөнөтү өтүп кеткендиктен улам жабылган

Пенсионерлердин адвокаты Дмитрий Дадабаевдин айтымында, ал дароо бир канча беренелер боюнча сотко кайрылган: үйгө мыйзамсыз кирүү жана өзүм билемдик, бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана улгайган адамдарга карата зомбулук көрсөтүү.

«Соттук иштер 2013-жылдан бери уланып келатат, бир жыл тергөөгө кеткен. Алар атайылап эле узатып келгенби деген ой кетет. Москва райондук соту 9-декабрда Эрматовдун кылмыш иши боюнча мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти жаап салган», — деди адвокат.

Сейчас пенсионеры живут в доме у художницы. Их родной дом к этому времени уже дважды перепродали.
Учурда пенсионерлер сүрөтчүнүн үйүндө жашашат. Алардын үйү болсо ушул күнгө чейин эки жолу сатылып кеткен.

Учурда адвокат апеляциялык арыз менен облустук сотко кайрылган.

«Түшүнүп жатасыңарбы, Эрматов үйдү 70 миң сомго саткан, ал эми карыз болсо 120 миң сом болгон. Ал эми ортодогу айырмаланган үстөк айыпты ал карыяларга төлөп берген эмес», — деди Дадабаев.

Комментарий алуу үчүн Эрматов менен Kloop.kg байланыша алган жок. Бирок анын адвокаты Самат Каипов Эрматовдун үйдү төмөн баага сатып, үстөк айыпты Елизавета Генн менен Виктор Гелезага төлөбөгөнүн четке каккан жок.

«Алар Эрматовго кайрылып, үстөк пайыз менен насыя алышкан, анан карызын төлөй алышкан эмес. Насыянын ордуна алар өз үйүн өткөрүп беришкен. Кийин Эрматов карызды жабыш үчүн үйдү саткан. Эгер аларга үстөк айыпты төлөп берген эмес болсо, анда алар жарандык негизде сотко кайрылышсын. Эрматовдун үйдү сатканы — бул анын укугу. Ал үстөк пайыз менен насыяны пайда табуу максатында берип жатат», — деди Каипов.

Адвокаттын айтымында, Эрматов үйгө мыйзамсыз кирүү жана карыяларга зомбулук көрсөтүү боюнча айыбын мойнуна алган.

«Аларга ыраймсыз мамиле кылуу боюнча кылмыш иши козголгон, бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш жабылган», — деди ал.

Видео: Александра Ли

ТЕМА БОЮНЧА: