Бишкек: Кытай элчилиги Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгүн «мыйзамсыз» ээлеп алган

Борбор калаадагы Ленин районунун башчысы билидиргендей, Кытай элчилиги Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгүнө бетон тосмолорду орнотуп, мыйзамсыз ээлеп алган. Мэрия менен элчилик окуя боюнча эч нерсе айта элек.

Бишкектеги кытай элчилиги Бакаев көчөсүнө бетон блокторду орноткону жергиликтүү бийликтин нааразычылыгын жараткан.

Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев блоктор мыйзамсыз орнотулган деп эсептейт, анткени алар жолдун бир бөлүгүн ээлеп турат. Анын эсеби боюнча, жол алты метрден беш метрге тарып кеткен.

Глава Ленинского района Бишкека Нурдин Тынаев считает, что эти блоки сузили дорогу на целый метр.
Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаев бул блоктор жолду бир метрге тарытып салды деп эсептейт.

«Мыйзам боюнча аларды алып салуу керек. Элчилик менен түз байланышка чыга алган жокпуз. Коопсуздук кызматы бизди киргизбей койду. Бирок биз куратор аркылуу кат жолдодук. Ал бул маселе боюнча көмөк көрсөтөөрүнө сөз берди. Качан экенин так билбейм, бирок жакын арада бул маселени чечебиз деп ойлойм», — деди Тынаев.

Тосмолор бишкекетиктердин арасында да нааразычылык жараткан. Медер Имакеев фейсбукта жазгандай, бетон блоктор орнотулгандан кийин тургундардын орун которуусунда көйгөйлөр жаралган.

«Азыр Бакаев көчөсүндөгү жолдун бул бөлүгү тар өтмөккө айланып калды. Натыйжада жергиликтүү тургундар жана ошол жерде иштегендер үчүн орун которууда көйгөй жаралды», — деп жазган ал.

Бишкектин мэриясы Бакаев көчөсүнө орнотулган бетон блоктордун мыйзамдуулугу боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал эми кытай элчилиги болсо комментарий алуу үчүн такыр жеткиликсиз бойдон калууда.

Китайское посольство укрепило свою территорию после августовского теракта.
Кытай элчилиги өз аймагын август айындагы терракттан кийин бекемдей баштаган.

Кытай элчилигинин айланасындагы бетон блоктор менен кошумча тосмолор ушул жылдын август айынын соңунда дипломатиялык өкүлчүлүккө кол салуу болгондон кийин орнотула баштаган.

Машина минген жанкечти элчиликтин дарбазасын бузуп кирип, анын аймагында унаа менен кошо өзүн жардырган. Кол салган адамдан тышкары эч ким каза тапкан эмес, бирок элчиликтин эки кызматкери жабыр тарткан, алар экөө тең Кыргызстандын жарандары болушкан.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги ошол окуяны «экстремизм жана зомбулук актысы» деп атап, Кыргызстандын укук коргоо органдары кол салууну иликтөөгө убада берген.

ТЕМА БОЮНЧА:


«Жанкечти» өзүн Кытай элчилигинде жардырды, үчөө жаракат алды