ӨКМ жолдогу кооптуу аймактардан кар көчкүнү түшүрөт

Борбор калааны облустар менен бириктирип турган Кыргызстандын жолдору айрым аймактарда 25инен 29-декабрга чейин жабылат. ӨКМнин маалыматы боюнча, жол эки саатка чейин жабылышы мүмкүн — бул убакыт аралыгында көчкүлөрдү түшүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Кар көчкүлөрдү түшүрүү иштери Бишкек — Ош, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алай-Куу, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр, Красная Горка — Ак-Таш, Нарын — Казарман, Каракол — Эңилчек жана Барскоон — Ак-Шыйрак жолдорунда жүрмөкчү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борборунун кызматкери Элмира Шерипова кабарлагандай, кар көчкүсүн жасалма түшүрүү учурунда жолдор ар кайсы аймакта эки саатка чейин жабылат.

«Жеринде милиция кызматкерлери болот, эгерде кар көп түшүп кетсе, алар жолду жаап, тазалашат. Көчкүнү атып түшүрүү иштери Генералдык штабдын артиллериялык бөлүгүнүн жардамы менен жүргүзүлөт. Мунун баарын ӨКМнин ыкчам тобу көзөмөлдөп турат», — деп билдирди ал.

Шерипова кошумчалагандай, көчкүнү жасалма жол менен түшүрүү иштери өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана чоң көлөмдөгү кар көчкүсү жолдо кырсыктарга алып келбеси үчүн жасалууда.

«Биз жылда декабрдан февралга чейин коркунуч туудурган аймактарда көчкүнү атып түшүрүү иштерин жүргүзөбүз. Биздин адистер Кыргызстандын гидрометборбору менен биргеликте иш алып барышат», — деди ал.

ӨКМнин кабарлашынча, көчкү түшүү коркунучу болгон аймактарда транспорттук каражаттар 500 метр аралыкты сактоосу керек.