Кыргызстандын президентинин Өзбекстанга иш сапары. Эмне белгилүү?

Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Өзбекстанга барып келди. Бул Кыргызстандын президентинин акыркы сегиз жыл ичиндеги коңшу өлкөгө болгон алгачкы сапары. Президенттер Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеев кандай маселелерди сүйлөштү — биздин материалыбызда.

Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Атамбаев Өзбекстанга 24-декабрдагы иш сапарынын алкагында учуп барган. Сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү талкууланган, андан тышкары Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов эскерилген.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу

Президенттер эки өлкөнүн мамилелерин өнүктүрүүгө байланыштуу суроолорду талкуулашкан. Анын ичинде аймактагы «Жибек жолу» экономикалык долбоору да бар.

c0c5yloweaeikyk

Өзбек тарап «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун салынышын колдогон.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол магистралы кытай темир жолун Өзбекстан менен бириктирип, андан ары Афганистан аркылуу Иран жана Түркияга жетип, Европадагы темир жол тармагына өтүүгө өбөлгө түзөт.

Чек аралардын делимитациясы

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара көйгөйлөрү талкууланган. Азыркы күндө тараптар жалпы чек аранын 70 пайызын такташкан.

c0czotxxcaalnpy

Президенттер вице-премьер-министрлерге январдын ортосуна чейин чек арага байланышкан бардык маселелерди чечүү тапшырмасын беришкен. Президенттин аппараты кабарлагандай, ага чейин тараптар бир нече жолугушууларды өткөрүп, чек аранын делимитация жана демаркациясы боюнча сүйлөшүү жүргүзүшмөкчү.

Соода-экономикалык мамилелер

Ушул жылдын январынан сентябрь айына чейин эки мамлекет ортосундагы товар алмашуу $140,3 миллионду түзгөн. Бул көрсөткүчкө ылайык, 2015-жылдагы ошол эле мөөнөт менен салыштырганда 46,3 пайызга жогорулаган. Кыргызстандан Өзбекстанга экспорттолгон башкы товарлар: көмүр, автомобилдик техника, курулуш материалдары жана чийки мунайзат продуктулары болгон.

c0c47doxuaa7wlw

Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга импорттолгон товарлар: аммоний нитраты, мочевина, монит, токулган килемдер, трикотаж кездеме, кебез, шабдалы жана башкалар болгон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин айтымында, кошуна мамлекеттер чогуу аракет кылып экономикалык мамилелерди бекемдей алышат.

Ислам Каримовду эскерүү

Атамбаев өзүнүн иш сапарында сүйлөшүү жүргүзгөндөн тышкары Өзбекстандын тун президенти Ислам Каримовдун бейитин зыярат кылган.

c0cxeyww8aeketq

Самаркандда жерге берилген экс-президенттин мүрзөсүнө Атамбаев Шавкат Мирзиеев менен чогуу гүл койгон.

«Эл күткөн лидер»

Атамбаев кесиптешине Өзбекстанга чакырганы үчүн ыраазычылыгын билдирген.

«Мына, Өзбекстандын эли күткөн лидер. Көз карандысыздык үчүн күрөшкөн баскыч аяктады, эми экономикага, мамилелердин өнүгүшүнө, чектердин жана керексиз тоскоолдуктардын жоюлушуна басым жасаш керек», — деген ал.

c0c5ekbweaqoewr

Бул кошуна өлкөгө болгон Кыргызстандын президентинин соңку сегиз жыл ичиндеги алгачкы сапары. Андан тышкары, Атамбаев Мирзиеев президент болуп шайлангандан бери Өзбекстанга келген алгачкы чет өлкөлүк президент болуп калды.

Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти менен болгон жолугушууну символикалык деп атады. Анткени 20 жыл мурун ушул күнү Ташкентте Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюлган.

Сүрөт: Султан Досалиев

ТЕМА БОЮНЧА:


Кыргызстан менен Өзбекстан кантип чек араны макулдаша башташты?