Парламент КТРК жетекчисинин жазган сөзүнүн айынан гардеробчу аял иштен кетирилгенин төгүндөдү

Парламенттегилер КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков жазган сөздөн улам гардеробчу аялды кызматтан кетирүүгө ниети жок экенин билдиришти. Ал өз «Твиттеринде» гардеробчу аял иш ордун таштап, кийимди кайдан алса болоорун тил катка жазып калтырып кеткенин билдирген.

Парламенттин басма сөз кызматы гардеробчу аялдын иштен кетирилгени тууралуу кабар чындыкка жатпай турганын билдирди.

«О.Мамытова иштен кетирилген жок, ал гардеробчу катары өз милдетин дагы эле аткарып жатат», — деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Коомдук телерадиокорпорациянын башчысы Илим Карыпбеков 26-декабрда өз «Твиттеринде» гардеробчу аял иш ордун таштап коюп, ар ким өз күрмөсүн өзү ала берсе болоорун тил катка жазып кеткенин жазган.

«Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунан чыксам, күрмөмдү калтырып кеткен гардероб бөлмөсү өзүн өзү тейлөө режимине өтүп калыптыр!» — деп жазды ал.

«Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысы гардеробчу аялды парламенттегилер урушуп, иштен кетиребиз деп коркутуп жатышканына күбө болгон.

Гардеробчу аялды ал дааратканага чыгып кеткени үчүн иштен кетиребиз деп коркутушкан.

«Мен суука карабай гардеробдо эртеден кечке отурам. Айлыгым 6300 сом. Кечээ "Кийимиңиздерди кирип ала берсеңиздер болот" деп жазып туруп дааратканага чыгып кетсем, бир чоң кызматтагы киши нааразы болуп, ошону интернетке жазыптыр. Эми мени иштен кетириш үчүн акт түзүп жатышат», — деген Super.kg басылмасына.